Эки уулу менен Кыргызстандын аймагында бак кыйып жаткан тажик жараны кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалта жана ара. Архив
Балта жана ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөндөр мамлекеттик чек арадан 800 метрге чейин Кыргызстандын аймагына кирип келишкен.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Лейлекте кыргыз-тажик чек арасын бузуп кирген тажикстандык жаран эки уулу менен кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Оштун аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто Түркияга КР жаранынын паспорту менен сапар алган грузиялык кармалды
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандарды "Кулунду" заставасынын чек арачылары кармашкан. Тажикстандыктар чек арадан 800 метр бери кирип, кыргыз жаранына тиешелүү аймактан бак кыйып жатканда колго түшүрүлгөн.

Административдик кодекске ылайык, кармалган чет элдиктерге айып пул салынып, тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чек арачылар аларды ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0