БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ошто Түркияга кыргызстандык жаранга таандык паспорт менен учууга аракет кылган грузиялык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран "Ош-аэропорт" көзөмөл пунктунан жасалма жалпы жарандык жана чет элдик паспорт менен өтүү маалында кармалган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Грузиянын жараны укук коргоо органдарынын кызматкерлерине берилди.