Төрөт үйүнүн башкы дарыгерине 10 миң сом айып пул салынды

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүнүн кызматкери. Архив
Төрөт үйүнүн кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы дарыгер төрөт үйүнүн айланасындагы антисанитариялык абал үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Санитардык-эпидемиологиялык инспекция Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн башкы дарыгерине 10 миң сом өлчөмүндө айып пул чегергенин мэрия билдирди.

Унаа токтотуучу жайдагы кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: акы алып унаа токтотуучу жай уюштургандарга айып пул салынат
Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин таштанды челектеринин айланасы акыр-чикирге толуп, антисанитариялык абалда экени аныкталган. 

Бул боюнча борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын атына "Административдик жоопкерчилик боюнча" протокол түзүлүп, комиссияга жөнөтүлдү.

Комиссия өз жыйынында төрөт үйүнүн жетекчилигине карата 10 миң айып пул чегерүү чечимин кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0