Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу автоунаа менен эки машина кагышып, кишилер каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамдарды автоунаадан чыгарып, тез жардамга салып беришкен.

БИШКЕК, 1-июль —Sputnik. Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 287-чакырымында жүк ташуучу "Мерседес-Гигант", "Мерседес-Спринтер" жана "Хонда-Степ" автоунаалары кагышып, жүк ташуучу автомашинанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү май ташыган автоунаа жарылып, бир киши каза болду
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу "Мерседес-Гигант" автоунаасынын ичинде беш киши келе жаткан, айдоочу менен бир жүргүнчү каза болуп, жаракат алган үч жүргүнчү Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. "Мерседес-Спринтер" кичи автобустун айдоочусу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүн алынып келген. Ал эми "Хонда-Стептин" ичиндегилер жаракат алган эмес жана кырсык болгон жерден кетип калышкан.

Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамдарды автоунаадан чыгарып, тез жардамга салып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0