Садыр Жапаров бюджетке 63 млн. доллар бере турган тармакты атады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары учурунда
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Садыр Жапаров мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы “КАЗ Минералз Бозымчак” ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Садыр Жапаров жер казынасын пайдалануу тармагы боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, бул тутумдун мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин белгилеген.

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 миллион доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 миллион 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары, 20 миллион доллар “Кыргыз алтын” дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек”, — деди Жапаров.

Жолугушууда жол маселеси дагы көтөрүлүп, премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0