БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Алтын кошулмалары бар концентраттарды сыртка ташып кетип жаткан ишканалардын киреше салыгын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоорунда кен казуучу жана иштетүүчү компаниялардын алтын камтылган кендерден жана концентраттардан түшкөн киреше салыгын 7 пайызга, 2023-жылдан тартып 10 пайызга көбөйтүү белгиленди. Учурда киреше салыгынын чеги 11 пайыз, эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе, 18 пайызы мамлекетке түшөт.
Мындан сырткары, алтын, күмүш, платина жана металл камтылган кендер жана концентраттары үчүн роялтинин 5 пайыздык бирдиктүү чеги белгиленди.
Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салыктарды киргизүү менен концентрат жана рудаларды ташып кеткен компанияларга алтын ылгоочу фабрикаларды курууга стимул болорун айтты.
“Алтын казгандар бул салыкты төлөгүсү келбесе, алтынды ушул жактан ылгап чыгарып, анан сатышы керек да. Бул салыктар 7 пайызга көтөрүлсө, жылына бюджетке кошумча дагы 680 миллион сомдун тегерегинде акча түшөт”, — деди Алишеров.
Талкуу учурунда депутат Замирбек Эсенаманов бир жылда 83 миң тонна алтын кошулмалары бар концентрат өлкөдөн чыгарылганын айтты.
Ал эми Айнуру Алтыбаева 30 жылдан бери өлкөнүн байлыгы көзөмөлдөнбөй, алтын тонналап ташылып жатканын белгиледи. Эгер 7 пайыздык киреше салыгы киргизилбесе, алтын ылгоочу фабрикалар курулбай турганын айтты. Ал эми 3 пайыздан баштап этап-этабы менен жогорулатканга чейин болгон алтынды ташып чыгып кетерин кошумчалады.
Аны менен катар депутат Эрмамат Тагаев дүйнөдө алтын казуудан түшкөн каражаттын 60 пайызы чыгашага кетсе пайдалуу тармак деп саналарын айтып, Кыргызстанда чыгаша 40 пайыз экенин белгиледи. Мындан улам 7 пайыздык чекти 10 пайызга көтөрсө да туура болорун кошумчалады.
Тагаевдин пикирин колдогон депутат Айсулуу Мамашова алтын өндүргөн компанияларга киреше ашыгы менен түшүп жатканын билдирди.
“Башка компаниялар өндүрүлгөн товардан 5-10 пайыз пайда көрсө, алардын кирешеси жок дегенде 60 пайызды түзөт. Ошондуктан алтын казган компаниялар Кыргызстандан кетпейт. Сөзсүз фабрикаларды курушат. Алар жабылып калбайт”, — деди Мамашова.
Ал эми Жанар Акаев өлкөдө кен иштетүү жана чалгындоо ишине 2 400дөн ашуун лицензия алынганын айтты.
“Лицензиялар четөлкөлүк компанияларга берилген. Чаткал районунда эле 100дөн ашуун лицензия алынган. Бирок райондун акыбалын караңыз. Убагында Жер-Үй сыяктуу алтын кендерге болгону 300 сомго лицензия сатып алышкан. Эгер компаниялар жабылып калса, жоопкерчиликти өкмөт менен мыйзамды колдогон депутаттар алабыз”, — деди Акаев.
Аягында экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салык оор келсе төлөбөй коюунун үч жолу бар экенин белгиледи.
Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги демилгелеген. Бүгүн парламентте үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Белгилей кетсек, аталган мыйзамга каршы чыккан депутат Азамат Арапбаев 12 кендин лицензиясына ээлик кылат. Ал эми Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун ишканалары 11 лицензия алган.