Өкмөт ЭВФтен алган 10,2 млрд сомду кайда жумшаганы боюнча маалымат берди

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationСитуация в мире из-за пандемии коронавируса
Ситуация в мире из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө алынган каражаттын дээрлик 9 миллиард сому өздөштүрүлдү, калганы май айындагы чыгымдарга сарпталат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөт Эл аралык валюта фондунан алынган 120,85 миллион доллар насыя кайда жумшалганы туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, аталган сумманы улуттук валютага алмаштырганда (8-апрелдеги курс менен 84,87 сом) 10 миллиард 256,6 миллион сомду түзгөн. Ошол эле учурда 490,8 миллион сом курстук айырма республикалык бюджеттин кирешеси катары чагылдырылды.

Бүгүнкү күндө алынган каражаттын 8 миллиард 896,8 миллион сому төмөнкү багыттарга жумшалды:

  • айлык акыга — 3 миллиард 994,4 миллион сом;
  • социалдык керектөөлөргө — 468,7 миллион сом;
  • Социалдык фондго чегерүүгө — 1 миллиард 834 миллион сом;
  • Милдеттүү медициналык фондуна чегерүүгө — 1 миллиард 210,0 млн сом;
  • теңдөөчү чегерүүлөргө —160,8 миллион сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);
  • калкты социалдык жактан камсыздоо жана көмөк көрсөтүү боюнча жөлөк пулга — 869,2 миллион сом;
  • медициналык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө — 106,3 миллион сом;
  • стратегиялык запастарга — 53 миллион сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);
  • муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк алууга —100,4 миллион сом.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: экономиканы каржылоо булактарын таптык
Мунун жыйынтыгында Эл аралык валюта фондунан алынган каражатынын 1 миллиард 359,8 миллион сому калды. Өкмөт аны май айындагы республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшай турганын айтат.

Кыргызстан бюджетин толтуруу жана бизнести колдоо үчүн чет элдик донорлордон каражат издеп жатат. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева азыркы тапта чет жактан 174,5 миллион доллар келип түшкөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0