Бишкекте доллар менен рубль канчадан сатылууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ доллары жана Россия рубли. Архив
АКШ доллары жана Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 10-мартта, Кыргызстанда доллардын баасы кескин жогорулап кеткен. Бир доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алына баштаган. Улуттук банк доллардын баасын ооздуктоо үчүн 49,7 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 11-март күнү эртең менен Бишкекте АКШ долларын сатып алуу 72.86 сом, сатуу 72.99 сом болууда. Маалымат Valuta.kg сайтынан алынды.

Ал эми рублди жарандар акча алмаштыруу пункттарына 1.008 сомдон сатып, 1.044 сомдон сатып алса болот.

Тенге 0.1643 (сатып алуу) жана 0.1776 (сатуу) сомго барабар болуп турат.

Кыргызстандын Улуттук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк доллар курсунун жогорулашы боюнча үн катты
Эске салсак, кечээ, 10-мартта, Кыргызстанда доллардын баасы кескин жогорулап кеткен. Бир доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алына баштаган. Мындан улам Улуттук банк доллардын баасын ооздуктоо үчүн 50 миллионго жакын доллар саткан.

Ал эми рублдин курсу акыркы кезде нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кеткен. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай, Brent жана WTI маркаларынын күйүүчү майларынын баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0