Жакында россиялык "Русгидро" ишканасы Кыргызстанды Гаага сотуна берди. Компания Жогорку Нарын каскад (ЖНК) ГЭСтеринин курулушуна сарптаган 37 миллион долларды төлөп берүүнү талап кылууда.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы жогорку трибунадан жар салынып, бирок кагаз жүзүндө гана калып кеткен же эми араң ишке ашырыла баштаган ири долбоорлорду тизмектеди.
Камбар-Ата ГЭСтери
Кыргызстанда соңку жылдары электр энергиясынын таңсыктыгы жаралган. Алгач ирет мындан Курманбек Бакиевдин башкаруусунун тушундагы кезек менен өчүрүүлөр кабар берген, 2003-жылдан тарта электр энергиясынын экспорту токтотулган, ал эми 2014-жылдан баштап тескерисинче, өлкөбүз аны импорттоп ала баштаган. Электр энергиясын иштеп чыгуучу жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселеси ошентип келип чыккан.
Камбар-Ата үч ГЭСин (КАГЭС) куруу пландалат. Долбоордук иштеринин башталышы тээ 70-жылдарга барып такалат. КАГЭС-2 1986-жылы курула баштап, бирок 90-жылдары каражаттын жоктугунан токтотулган. Болжонгон кубаттуулугу – ар бири 120 мегаваттан турган үч ири агрегат.
Эске салсак, КАГЭС-1 жана ЖНКнын курулушу коңшулардын нааразылыгын жараткан, алар экологиялык көйгөй жаратарын айтып, ошондой эле аймактын сейсмикалык жактан кооптуулугун белгилешкен. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов суу ресурсунан улам аймакта чыр чыгышы мүмкүн экендигин бир эмес, бир нече ирет кайталаган. Бирок Өзбекстан Республикасынын азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев Бишкекке болгон былтыркы иш сапарында Камбар-Ата ГЭС долбоорун ишке ашырууга өлкөсү катышууга макул экендигин жарыялаган.
Таш-Көмүрдөгү минералдык жер семирткичтер заводу
Болжолдуу кубаттуулугу – 300 миңден жарым миллион тоннага чейин, наркы 300дөн 600 миллион долларга чейин жетет. Ал эми акыркы бир нече жылдан бери ал туурасындагы кептердин дымы чыкпай калды.
Кара-Кече көмүр кениндеги жылуулук электр станциясы (Нарын облусу)
Кара-Кече ЖЭСин куруу демилгеси 2005-2007-жылы көтөрүлгөн, бирок сөз боюнча калган. ЖЭСтин артыкчылыгы – анын курулушу менен өлкө гидроэнергетикадан көз каранды болбой калмак.
Экологиянын коргоочулары ага каршы чыгып, дүйнө жүзүндө ЖЭСтер жабылып же аларды экологиялык жактан таза отунга айырбашталып жатканын белгилешкен. Азырынча долбоор демилгеленген боюнча токтоп турат, шарттарын өзгөртүү керекпи, же мурдагы калыбында калтырган оңбу, бул туурасында талкуу жүрүүдө. Арийне бийлик потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүгө даяр.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу
20 жылдан ашуун мезгилден бери аталган өлкөлөрдөн ары Иран жана Түркияга өтүп, Европа менен байланыштыра турган темир магистралын куруу боюнча сүйлөшүлүп келет. Кыргызстан үчүн бул долбоор деңизге жол ачып, жүктүн транзити үчүн көп миллиондук каражат түшүшүн камсыздамак. Ошондой эле трассанын курулушунан улам өлкөнүн түштүгү менен түндүгү темир жол менен да байланыштырылмак.