Колдон талашып алып кеткен кыргыздын 8 товары. Тизме

Жазылуу
Sputnik 2018-жылы чет жакта болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон кыргыздын товарларын тизмектеди. Тизмеге кепич, жаңгак жана аялдардын блузкалары кирген.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга ЕАЭБге товар экспорттоо канчалык өзгөргөнүн Евразиялык экономикалык комиссия иликтеп чыкты. Ал эми Sputnik редакциясы өндүрүлгөн көлөмү 2018-жылы кескин жогорулап кеткен 8 товарды тандап алды.

Курс доллара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
1. Пахта буласы россиялыктардын арасында өзгөчө талапка ээ болгон. Жыл ичинде аны Россияга экспорттоо 8 эсеге өскөн! Алар пахта буласын 4,7 миллион долларга сатып алган.

2. Спирт ичимдиктери. Казакстандын эли кыргыздын коньягы менен арагын катуу жактырган окшойт. 2018-жылдын 9 айында алкоголдук ичимдиктерге 2 миллион доллар сарпташкан. Бул өткөн жылга караганда 6 эсеге көп.

3. Кепич. Кыргызстандан чыккан бут кийимдин бул түрүнө казакстандыктар менен россиялыктар мынча муктаж болот деп ким ойлоптур? Январдан августка чейин алар көлөчкө 12 миллион доллар сарпташкан, бул былтыркыга караганда 5 эсе көп экени белгилүү болду.

4. Чемодан менен аялдардын сумкасы. Териден жасалган бул буюмдар россиялыктардын арасында өтө популярдуу, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге жогорулаган. ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар 1,4 миллион долларга сатылган.

5. Коюлтулган жана кургак сүт. Бул продукцияны Казакстан менен Россия көп сатып алат — 9 айда 5 миллион сом. Мында Россия импортту 4 эсеге көбөйтсө, Казакстандыкы 40 пайызга өскөн.

Кыргызстанда кайсы товарлар КМШ мамлекеттерине караганда арзан - Sputnik Кыргызстан
Башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда арзан болгон 7 товар. Инфографика
6. Грек жаңгагы. ЕАЭБге чыккан жаңгактын көлөмү үч эсеге өстү. Россиялыктар менен казакстандыктар ага 2 миллион доллардын тегерегиндеги акча жумшаган.

7. Аялдардын блузкасы. Негизи эле Кыргызстандын тигүүчүлөрүнүн колунан чыккан товар каны жерге тама электе сатылып кетет. Анын ичинде аялдардын блузкасы өзгөчө сөзгө арзыйт, 9 айдын ичинде 74 миллион сомго сатылган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 60 пайызга көп болсо, Россияда сатып алуунун көлөмү эки эсеге жогорулаган.

8. Эркектердин көйнөгүн россиялыктар мурдагыдан эки эсе көп алышкан. Жалпы жонунан 13 миллион долларга сатылганы маалым болду.

Товар го товар болду, Бишкектеги батирлердин баасына да көз чаптырып койбойсузбу.

Жаңылыктар түрмөгү
0