Жер-Үй кенинин лицензиясын күрөөгө коюу пландалып жатат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кен. Архив
Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер-Үй — Кыргызстандагы ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Альянс Алтын" компаниясы Жер-Үй алтын кенинин лицензиясын россиялык "ВТБ-банкка" 180 миллион долларга күрөөгө коюуну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети келишим түзүүгө уруксатын берген. Анткен менен ведомствонун маалымат кызматы учурда геология тармагынын 80 жылдыгын белгилөө менен алек болуп жаткандыктан бул боюнча эч кандай кабары жоктугун айтты.

Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров: Centerra рекультивация үчүн берчү акча КРге али келе элек
2015-жылдын май айында "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому Жер-Үй кенин иштетүү боюнча сынакты жеңип алган. Баштапкы төлөм 100 миллион долларды түзгөн. Жеңүүчү компания "Альянс Алтын" ЖЧКсын негиздеп, 2035-жылдын 28-августуна чейин кенди иштетүүгө уруксат алганы маалым. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеш курулуш иштерин кечеңдеткени үчүн аталган компанияны айыпка тартуу талап кылган.

Июнь айында Кыргызстандын өкмөтү "Альянс Алтынды" 500 миң долларга айыпка жыккан.

Жер-Үй кени Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0