БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча интернет-аукцион уюштурулду.
Бул жаңы өкмөттүн тушунда уюштурулган экинчи аукцион. Шарты мурдагы бойдон калды: видео көзөмөл орнотуу боюнча тендердин баасы 2,5 миллиард сом. Ал эки лотко бөлүнгөн. Аукциондун максаты — бул сумманы төмөндөтүү.
Ар бир лоттун баштапкы баасы 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сом. Аукциондун натыйжасында эң аз сумма сунуштаган "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы жеңишке жетти. Ал биринчи лотко 1 миллиард 125 миллион 765 сом, экинчисине 1 миллиард 195 миллион 575 сом сунуштаган.
Акыркы чечимди конкурстун комиссиясы чечет.
Тендерге "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан.
Долбоордун аталышы бир нече ирет өзгөргөн: алгач "Коопсуз шаар", андан кийин "Акылдуу шаар" болсо, эми кайра биринчи аталышын алды. Аны 2014-жылы жай айында өкмөт демилгелеген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. 2015-жылдын январь айында россиялык "Стилсофт Бишкек" аттуу компания жеңүүчү аталган. Бирок ИИМ анын шарты менен макул болбой, сотко кайрылган. Кийинчерээк долбоорду кытайлык Huawei компаниясы ишке ашырары маалымдалган. Бирок инвестор талапты аткарбай койду деген жүйө менен келишим жокко чыгарылган. Буга чейинки өкмөт "Коопсуз шаарды" өз күчү менен ишке ашыра турганын жар салган болчу.