Өлкөнүн бизнес ассоциациялары чек ара боюнча жүк ташуучуларга кайрылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Тилек" көмөмөл пунктунда кезекте турган жүк ташуучу унаалар
Ак-Тилек көмөмөл пунктунда кезекте турган жүк ташуучу унаалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн биринчи вице-премьерлеринин деңгээлиндеги жумушчу топ чек арадан жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү боюнча маселени чечип жатат

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өлкөнүн бизнес ассоциациялары жүк ташуучулардан чек ара толук ачылганга чейин күтүп турууну өтүндү. Себеби, ал жакта кезек күткөн унаалардын саны кескин өсүп кеткен.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында абал жеңилдей баштады
Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган. Расмий Астана мындай кырдаал чек арадагы аткезчилик менен күрөшүү аракетинен улам болуп жатканын билдирген. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Казакстанга иш сапары менен барып, чек арадан жарандардын, жеңил автоунаалардын жана жүргүнчү ташыган транспорттордун тоскоолдуксуз өтүүсү боюнча сүйлөшүүгө жетишкен.

"Учурда эки мамлекеттин жумушчу топтору аталган маселе боюнча иштеп жатат. Беш күндүн ичинде кандай чаралар көрүлүшү керектигин аныкташат. Анын ичинде чек арада турган жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүнүн жол-жобосу каралат. Тактап айтканда, беш күн ичинде жумушчу топтордун биргелешкен ишинин жыйынтыгында көйгөйлүү маселелер чечилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү
Бул кайрылууга Американын Кыргызстандагы соода палатасы, КРдин Соода-өнөр жай палатасы, ЖИА бизнес ассоциациясы, Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясы, Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана кызмат ассоциациясы, чет элдик инвесторлор ассоциациясы, Чакан ГЭС ассоциациясы, Бишкек ишкер клубу, Кыргызстандын ишкерлер биримдиги, Жеңил өнөр жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясы жана Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0