Өлкөнүн алтын запасы бир жыл ичинде 3 млрд. сомго көбөйдү

© REUTERS / Ilya NaymushinЗавод цветных металлов "Красцветмет" в Красноярске
Завод цветных металлов Красцветмет в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын 31-августуна карата Улуттук банктын резерви 12,9 миллиард сомду түзгөн

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бир жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы сом эквиваленти менен алганда 3 миллиард сомго көбөйгөнү тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Курс валют. Доллары - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы 300 млн. долларга көбөйдү
Өлкөнүн эл аралык валюта резерви он чакты валюта түрүнөн жана алтындан турат. Ал эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруу, төлөм балансынын таңкыстыгын жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

Былтыркы жылдын 31-августуна карата мамлекеттин алтын запасы 12 миллиард 927,3 миллион сомду түзсө, быйыл 16 миллиард 13 миллион сомго жеткен. Демек, был жыл ичинде запас 3 миллиард 85,7 миллион сомго көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0