Кыргызстанда 14 чакан ГЭС курулат. Инвесторлорго тендер жарыяланды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСтроительство Нижне-Бурейской ГЭС
Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор ийгиликтүү ишке ашса үч жыл аралыгында гидроэлектрстанциялар колдонууга берилет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 14 чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кабарлады.

Ремонт одного из агрегатов Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Камбар-Ата ГЭСине 110 млн. доллар каражат тартылууда
Маалыматка ылайык, мамлекеттик комитет тарабынан 14 чакан гидроэлектрстанция куруу боюнча тендер жарыялаган. Учурда кызыкдар тараптардан тиешелүү документтер кабыл алынууда.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Эрмек Абдувалиевдин айтымында, бул долбоорго кыргызстандык жана чет элдик жарандар катыша алат.

"Чакан ГЭСтерди куруу долбооруна катышууга кызыкдар тараптар кайрылууда. Айрымдары документтерин тактап жатышат. Ага кыргызстандык жана чет элдик жарандар катыша алат. Буюрса алардын тизмеси 13-июнда белгилүү болот", — деди Абдувалиев.

Чакан ГЭСтер өлкөнүн бардык облустарына курулат. Алдын ала эсептер боюнча ГЭСтер жалпы 150 мегаваттан ашык электр энергиясын өндүрөт.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, үч жыл кийин чакан гидроэлектрстанциялар колдонууга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0