02:53 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйынында

Путин: ЕАЭБ баарыбыз үчүн ыңгайлуу аянтчага айланды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити жана ЖККУнун бейрасмий жолугушуусу (18)
123 0 0

ЕАЭБ бардык мамлекеттерге пайдасын алып келүүдө. Мисалы, Кыргызстанда жеңил өнөр жай менен текстилдик өндүрүштү калыбына келтирүүгө шарттар түзүлдү.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйынында ЕАЭБ ыңгайлуу аянтча болуп калгандыгын билдирди.

Анын айтымында, биримдиктин курамына кирген өлкөлөр экономикалык операторлор үчүн ири рынок түзүүдө жетишкендиктерди көрсөтө алды.

"Көптөгөн тоскоолдуктарга карабай, ЕАЭБ ыңгайлуу аянтчага айлана алды. Мамлекеттер арасындагы сооданын көлөмү 38 пайызга, ал эми башка өлкөлөргө чыгаруу 37 пайызга өстү. Сырттан товар алып кирүү азайып, тескерисинче, унаа жана азык-түлүк экспорттоонун көлөмү жогорулады", — деди Путин.

Россия лидеринин айтымында, биримдик бардык мамлекеттерге пайдасын алып келүүдө. Мисалы, Кыргызстанда жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштү калыбына келтирүүгө шарттар түзүлдү.

Ошондой эле инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу менен ЕАЭБдин каржылык туруктуулугуна салым кошуп жаткан Евразия өнүгүү банкынын ролу чоң экени кошумчаланды.

"Мисалы, жакында эле Кыргызстан менен 110 миллион долларлык келишимге кол коюлду", — деди Путин.

Саммиттин аягына чейин ондон ашык документке кол коюлары күтүлүүдө.

Тема:
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити жана ЖККУнун бейрасмий жолугушуусу (18)

Тема боюнча

Атамбаев депортациялоо маселесине мамилени жумшартууга чакырды
Президенттер Молдовага ЕАЭБ алдындагы байкоочу статусун ыйгарууну колдошту
Белоруссия Кыргызстанда соода үйүн ачууга кызыкдар
Белгилер:
саммит, келишим, кызматташуу, Евразиялык экономикалык биримдик, Владимир Путин

ЭҢ МААНИЛҮҮ