Улуттук банк жаңы жылдын алгачкы күндөрү 9,1 млн. доллар сатты

Жазылуу
Улуттук банк интервенцияларды улантууда. Акыркы жолу башкы банк валюта базарына өткөн жылдын 31-декабрында чыккан.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Жаңы жылдын алгачкы иш күнүндө Улуттук банк 9,1 миллион доллар сатканын өз сайтына жарыялады.

Каухар көздүү илбирс түшүрүлгөн 65 миң сомдук тыйын чыкты
Өткөн жылы башкы финансылык мекеме валюта курсун турукташтыруу үчүн 331 миллион доллар сатууга жетишкен. Акыркы ирет банк интервенцияга 31-декабрь күнү чыгып, 6,5 миллион доллар саткан. 

Дүйшөмбү күнү 9,1 миллион доллар сатыкка чыгарылды. Буга эл аралык валюта резерви колдонулууда. Өткөн жылдын ноябрь айына карата резервде 1 миллиард 737 миллион доллар бар экени белгилүү болгон.

Учурда доллардын расмий курсу — 75,87 сом болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0