Сарпашев: атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу үчүн ишканаларды модернизациялоо зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыргызстандык компаниялар өндүрүмдүн сапатын арттыруу жана атаандаштыкка туруштук берүү үчүн жаңы технологиялар менен иш алып барууга аргасыз экени белгиленди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Тийиштүү заманбап жабдыктарсыз кайра иштетүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмүн арттыруу кыйла татаал экенин биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев россиялык компаниялар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү кыргызстандык ишканаларды модернизациялоого инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Сарпашевдин айтымында, учурда Кыргызстанда каражаттын тартыштыгынан улам жаңы технологиялар менен иштөө аракети чабал болууда.

"Эми мамлекеттин ЕАЭБге кошулушу менен жергиликтүү компаниялар рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүү үчүн жаңы жабдыктар менен иштөөгө аргасыз экенин түшүндү. Биринчи кезекте иш ушул багытта жүрүшү керек. Өкмөт жеңилдетилген насыя алуу боюнча бардык аракеттерди көрөт", — деди атка минер. 

Башка өлкөлөрдүн бренди менен экспорттолгон Баткендин күрүчү
Россиялык делегация жергиликтүү компаниялардын иши менен таанышуу максатында Кыргызстандын облустарын кыдырып чыкканын белгиледи. Маалыматка ылайык, сапардын негизги максаты азык-түлүк жана кайра иштетүүчү кыргызстандык компанияларды модернизациялоого колдоо көрсөтүү экени айтылды.

Жолугушуу учурунда эки тарап кызматташуу жаатында кийинки кадамдар жана багыттар боюнча пикир алмашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0