Атамбаев ата-мекендик ишкерлерге төмөндөтүлгөн пайызда насыя берүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын валютасы. Архив
Кыргыз Республикасынын валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында өлкөнүн кичи жана орто бизнесин өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кредит компаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: кредиттик компаниялар ишсиз калып, соттордо насыя боюнча доо процесстери арбыды
Жолугушууда Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун ата-мекендик кичи жана орто ишкердүүлүктүн субъектилерине Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан жеткиликтүү акча каражатын берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Нурсулу Ахметова Кыргызстандын мамлекеттик жана коммерциялык банктары аркылуу "Кичи жана орто бизнести максаттуу каржылоо Программасы" ишкердүүлүктү натыйжалуу колдоонун бир жолу экенин белгиледи. Мындай колдоо ата-мекендик бизнести географиялык жана сандык жактан камтый турганын эске алганда комплекстүү натыйжа берет. 

Анын айтымында, кичи жана орто бизнести каржылоо программасынын биринчи баскычы Кыргызстандын мамлекеттик банктары аркылуу ишке ашат, келечекте Фонд башка коммерциялык банктар менен кызматташууну да пландаштырууда. Фонд ошондой эле бизнес-долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугуна жана Фонддун максат-милдеттерине ылайык келүүсүнө карап, өлкөнүн ишкер чөйрөсүнө АКШнын доллары менен 6 пайыздан 9 пайызга чейинки коюм менен түз каржылоону да караштырууда. 

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында өлкөнүн кичи жана орто бизнесин өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы ишкерлерге Фонддун алкагында улуттук валюта менен 12 пайызга чейин, ал эми АКШ доллары менен 7 пайызга чейинки коюм менен кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0