БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Микрокредит берүүчү уюмдардын кызматкерлери кыларга иштери жок отурат, ал эми соттор болсо насыя карызын төлөй албагандар боюнча иштер көп экендигине даттанууда деп билдирди Sputnik агенттигине Насыячылардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова.
Анын айтымында, кредиттердин көлөмүнүн өсүшү элдин карыздарын төлөй албаганына байланышкан. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2015-жылдын июнь айынын акырында насыялардын жалпы көлөмү 4,9 миллиард сомду түзгөн. Туура бир жыл мурун бул сумма эки эсе аз, б.а. 2,4 миллиард гана болучу.
"Бул кредит көп алгандан эмес, бул кыргызстандыктар азыркы карыздарын төлөй албагандан келип чыкты. "Микрокредиттик компанияларга кирсем, кызматкерлер эриккендеринен ооздорун ачып эстеп отурушат. Соттор насыяларын төлөй албагандар боюнча доо арыздары көп болуп жаткандыгына даттанышууда", — дейт эксперт.
Кыргызстандын Товар ташып келүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана жайылтуучулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаеванын пикиринде, кредиттердин көлөмүнө сомдун куну түшкөн жагымсыз жагдайы таасир кылган. Насыяны доллар менен алган ишкерлердин карыздары валюталык оош-кыйыштан өсүп кетти. Анан калса, ишкерлер Кыргызстандын ЕАЭБге кирер алдында тобокелчиликке барбай турушат.
"Ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү интеграция эмнеге алып келерин так билишпейт. Товарлардын кошумча запастарын сатып алууга, демек, насыяга кайрылууга туура келген", — дейт Ускенбаева.
Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, мындай абалда баарынан коммерциялык банктарга кыйын. Азыркы жагдайда берген карыздарын кайрата албай калуу коркунучу өстү.
"Кредиттик ресурстарга суроо-талаптын өсүшүнө бир нече фактор таасир кылды. Эгер ишкер чөйрөсү жөнүндө айтсак, эл аралык колдоо институттары иштеп жатат. Ошондой эле фермерлер үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы каралган", — дейт Акимова.
Эксперттин оюнда, келечекте мындай абалга туш болбош үчүн банк системасын реформалоо зарыл. Ал эми өзгөртүүлөр комплекстүү болушу керек.