Президенттик шайлоого дүйнөлүк ЖМКлар баа берди

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо тууралуу чет элдик ЖМКлар эмне жазып, эмнеден кооптонуп жатканын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуз.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстанда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун жүрүшү жана КСДПдан көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбековдун алдын ала маалыматтар боюнча алдыга озушу тууралуу талкуулап жатышат. Айрым басылмалар шайлоонун жыйынтыгын жана бийликтин демократиялык жол менен берилишин негизинен автократтар башкарып келген аймак үчүн өзгөчө жана жаңы нерсе катары баалашууда.

Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан
Европа биримдиги: шайлоодо добуш сатып алынып, жарандарга басым жасалды
"Борбордук Азиядагы башка мамлекетерден айырмаланып Кыргызстан кескин демократиялык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатат. Мындай көрүнүш өзгөчө бийликтин жогорку эшалонунда таасын байкалууда", — деп жазган америкалык The New York Times.

Алдыңкы агенттиктердин бири Bloomberg өлкө жалпы регионго президенттик кресло үчүн ат салышууну ачык атаандаштыкта өткөрүүгө болорун далилдеди деп белгиледи.

"Негизинен автократтар башкарып келген аймак үчүн Кыргызстан таптакыр башкача нерсени ишке ашырууда", — деп жазат басылма.

Ал эми германиялык Deutsche Welle телерадиокомпаниясы мөөнөтү аяктап бара жаткан президенттин бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү чечимин жогору баалаган.

"Ачык-айкын шайлоо өткөрүүнү убадалаган Атамбаев мурунку СССРдин жаңы тарыхында өз ыктыяры менен кызматынан баш тарткан алгачкы лидер болуп калды", — деп билдирди аталган компания.

Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодон кийин шаабайы сууган талапкерлер эмне дейт
Муну менен бирге Deutsche Welle учурдагы президенттин бийликте калуу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө да мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

Шайлоо экинчи тур менен аяктай турганын божомолдоп жаткан британиялык Reuters агенттиги Жээнбековдун алдыга озушун башкача кабыл алды.

"Россияга ыктаган лидердин мураскери экинчи тур болот деген божомолдорго карабай жекшемби күнү эле жеңишке ишеними чоң экенин айткан", — деп жазат Reuters.

Аталган агенттик мындан ары Бабановдун жасай турган кадамдарына да дыкат көз сала турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0