Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева 24-мартта кечинде Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган. Ал кызматкерлерди өтүп кеткен дата боюнча кызматтан кетирген деп шектелүүдө. Кызматкер 8-ноябрда укук бузган болсо, ал алтынчы ноябрдагы буйрук менен кызматтан алынган.