21:23 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (385)
0 0

Элде "акыл сурасаң Сарт акеге бар" деген сөз айтылып келет. Акылмандыгы менен далай уруш-талаштарды чечкен ысык-көлдүк акелердин бири Сарт аке ойчул, чечен адам болгон.

Биз бүгүн ошол акелердин бири, ынтымактан өткөн дөөлөт жок деп, кыргыз урууларын, адамдарды ынтымак-ырашкерликке, биримдикке чакырган Сарт аке Доскулу уулу тууралуу 9 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, теги, турагы. Сарт аке Доскулу уулу түпкү теги Түштүктөн келген ичкиликтердин төөлөс (дөөлөс) уруусунан. Азыркы Ноокаттын төөлөстөрүнөн деп айтылат. Өзүнүн аты — Сартбай, атасы — Доскулу, андан ары Байболот – Кудаш – Жаный – Мендеке – Зумбул – Чулум – Толуман – Дөөлөс деп кете берет. Туулган датасы так эмес, болжолу 1770-1780-жылдардын аралыгында учурдагы Нарын шаарынын четиндеги Теке-Секирик деген айылда туулган. Баланын ысымын ошол учурда Доскулунукуна келип конуп калган кашкарлык уйгур досу Алимахун азан чакырып Сартбай деп коюп берет. Ал 11 жашка чейин Нарын суусун бойлой балалык курагын өткөрүп жүрүп, ата-энеси менен кошо Ысык-Көлдүн тескейиндеги азыркы Жети-Өгүз жергесинин Жалгыз-Өрүк деген кыштоосуна көчүп келет. Он жетиге толгон кезде айтылуу манап, бий Боронбайдын көзүнө урунуп, ал боз уланды өзүнө алдырып алат. Боронбай менен конушташ болуп жайкысын Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда жайлап, кыштоосун азыркы Ак-Суу районунун Түргөн суусунун боюнда өткөргөн.

Мүнөзү. Топто отурганда талашып кепке аралашпаган, бирөө сүйлөп жатканда анын оозунан сөзүн жулуп албаган, кепке конок берип отуруп, зарыл болгондо гана таамай, так, орундуу, угуп отургандарды уютуп пикир айткан киши болгон. Көпчүлүк анын кебин угуп калалы деп атайын соболдорду таштап, унчукпай баш ийкеп, нускалуу баянга жибип гана отурган. Ал бей-бечараларга кайрымдуу, сыйкор инсан экен.

Мойт акенин суроолоруна Сарт акенин жооптору. Бир жолу эл топтолгон жерде Мойт аке Сарт акеге бир нече суроо менен кайрылат, ал киши болсо өзүнүн жообун берип отурат. Бул диалог мындай:

— Кандай адам бай болот
— Үйүнө кут түшкөн, пейли кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот.

— Эркек деген ким, аял деген ким?
— Эркек — үрөн, аял — жер. Үрөн жайсыз өспөйт.

— Бул дүйнөдө ким карып?
— Ынтымагы жок эл карып.

— Бейиш эмне, тозок эмне?
— Шарыят жолу менен жүрсөң, эмгек менен, таман акы, маңдай териң менен адам катары жашасаң — бейиш; шарыят жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң — тозок.

— Кубаныч эмне, кайгы эмне?
— Кубанычтын да, кайгынын да булагы көп. Чоң кубаныч — балалуу болуу. Чоң кайгы — анын учуп кетиши.

— Душман менен туугандын айырмасы кандай?
— Күбүр сөз — душман, так айтылган ачык сөз — тууган.

— Бул жалганда не семиз?
— Суудан семиз эч нерсе жок. Ал эми калган жандыктын бардыгынын семизи да, арыгы да убактылуу. Суу бардык жандыкка өмүр тартуулап, эне болуп турат.

— Бу дүйнөдө не кордук, не олжо?
— Отун— олжо, суу — кордук. Суу жок болсо өсүмдүк гана эмес, жан-жаныбар да өспөйт. Отун болбосо, адамдын жашоосу өтпөйт.

— Бийлик эмне?

— Бийлик — күйүп турган шам. Бир учурда күйөт, учуру келгенде өчөт. Бийлик колдо турганда тууганың да, душманың да айланаңа топтолот; бийлик колдон кеткенде, алардын бирин көрүүгө зар болосуң. Бийликтеги адам түбөлүгүн ойлосо, кол алдындагылардын шагын сындырбай, боюна тартып жүргөнү абзел (А.Имановдун "XVIII кылымдын экинчи жарымы, ХХ кылымдын башталышында Ысык-Көл өрөөнүндөгү ойчулдар, агартуучулар (Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке)" деген китебинен).

Мына ушундай сөз эрөөлүндө айтылган кептер эл арасына тарап, калк үчүн кыйшаюусуз аткарылуучу адептик нормаларга айланган.

Насаат тууралуу. "Илгери Түп суусунун боюнда арык, белек ууруларынын бир жыйынында Мураталы бий:

— Сарт аке, насаат-насаат эле дейбиз, бул насааттын насиби эмнеде? — деп сурап калат. Анда Сарт аке:

— "Насаат — жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаатты кабыл албаса, боюна сиңирбесе, сокур пенде караңгыда кан жолго таяксыз жалгыз чыккандай болот, — деп насааттын маңыздуу өзөгүн чечмелеп бериптир" (А.Имановдон). Демек, ал адам жашоосундагы нуска сөздүн, кишилерге айтылуучу насааттын маанисин өтө жогору баалоо менен өзү да насаат чыгаруучу, жыйноочу жана калкка жеткирүүчү катары маңыздуу жашап өткөн. Эл болсо Сарт аке сыяктуу акылмандарды, манасчыларды, акындарды, чечендерди, санжырачыларды кепке тартып, аларга ар түрдүү суроолорду берип, сөз жарышындагы даанышман ойлорун, педагогикалык насааттарын кызыгуу менен уккан.

Сарт акенин эл арасына тараган айрым акылман ойлору. "Жакшы атка конуу — асылдык. Ага жетүү кыйын, аны колдон чыгарып коюу арзан. Колдон чыккан — жоголгон нерсе. Жоктун орду толбойт, толсо да мурдагыдай болбойт". Демек, ал жакшы атка жетүү кыйын экенин, ал эми аны жоготуп коюу бир паста эле болорун, жоголгон нерсе адамга кайра келбешин айтып насааттайт. Ал эми адамды ичи тардыктан, көрө албастыктан алыс болууга чакырып, аларды кем акылдык деп мындай нускасын айтып өткөн: "Өзүңдөн мыктыларга, жашоо-тиричилиги жогоруларга, зоболосу бийиктерге суктанба, өзүңдөн пастарга, ал мусапыр болсо да, карып болсо да, кем акыл болсо да сын такпа. Суктануу кызганчаактыктан келип чыккан илдет болсо, сын тагуу текеберчиликтен, кем акылдыктан, өзүн көтөрө чалуудан, кемсинтүүдөн келип чыгат". "Кесир деген — ырысын тебүү", "Түптүү элде нарк-нуска, салт, үрп-адат, адеп-ыйбаа туруктуу", "Ниет оңолгондо, эси-дартың да, сүйлөгөн сөзүң да оңолот", "Адамдын оң жолдо болуусунун өбөлгөсү — этияттык" ж.б. насааттары азыркы күнгө чейин Сарт акенин айтканы деп тарбиялоо, таалим берүү максатында колдонулуп, элдин практикалык иш-аракетине активдүү аралашып, а түгүл тоталитардык-атеисттик деген советтик коомдо да өз функциясын жоготпой келди.

Элди мүңкүрөөдөн баш көтөрткөнү. Бир жылы Көл айланасына кар калың түшүп, кыш оор болот. Анын үстүнө жаздын мойну да узун болуп, мал-жан зыянга көп учурап, элдин бели майтарылып, кыйла мүңкүрөп, ачарчылык, тумоо каптайт. Ар айылда болгон чыгашага, жокчулук, жакырчылыкка аргасыз моюн тосуп, өлбө жаным, өлбө менен илкип калгандарды кеп салып, алдуу, алсызды түгөлдөп отурганда Сарт аке: "Кудайдын башка салганын көтөрбөскө чара жок. Башты жерге салып, болуп өткөндү эскерип, муңайгандан пайда жок. Мал өсөт, баш өсөт. Өскөн — жоктун ордун толтурат. Бул жалганда жеңилбей турган нерсе жок. Калайык ынтымакта болуп, бардары жогуна каралашса, бул абалдан да чыгабыз: жокчулукту барчылык, өлүмдү тирүүчүлүк жеңет; бөксөнүн да орду толот; асили алсызды алдуу, кем акылды акылдуу, бейнасипти насиптүү, ыймансызды ыймандуу, жакырчылыкты бакырчылык жеңип келген. Адам жашоосу мына ушинтип уланып келген. Жашоо бир калыпта болбойт; бай, анын тукуму түбөлүк бай бойдон калбайт; жарды, анын тукуму түбөлүк жарды бойдон калбайт. Турмуш, жашоо тиричилик деген оошот: атүгүл бай жардыга, жарды байга айланат. Келме кезек деген – ошол. Тирүү болсок баарын жеңербиз. "Өлгөн арстандан тирүү күчүк артык" деген кеп бар эмеспи. Элдин тирүү калгандарына каниет кылалы. Жашоодо болгон-койгондун баары убактылуу, баары буюрганына жараша: алдың толо аш болсо да, буюрганын жейсиң. Бул жалганда Кудай шыбаа кылган үч кайыптын негизинде өмүр сүрөбүз: даам кайып, жүз кайып, нике кайып делинет", — деп элдин рухун көтөрүп, мүңкүрөбөй жашоого чакырган экен" (А.Имановдон).

Уруулук чабыштарда ортого түшкөн. Кыргыз тарыхынын кандуу окуялары — бугу менен сарыбагыштардын чабышы, ага Ормон хан, Балбай сыяктуу адамдардын аралашып калышы. Мына ушул аябай ырбап кеткен жаңжалды басууда, андан ары башка элдердин (казак, орус, кытай) кийлигишип кетүүсүн токтотууда, Тезек төрө, Тилекмат сыяктуу эле Сарт акенин дипломатиялык эмгеги чоң болгон. Бугулардын арык тукуму менен белек тукумун да элдештиргендиги айтылып келет.

Байлык жөнүндө. Акеш Иманов агай Сарт акенин мындай бир окуясын жазыптыр. Сарт аке токсонго таяп калган кезинде айтылуу Сары-Өзөн Чүйдөн Мүсүр деген бир жаш манап жигит акенин даңкын угуп: "батасы жакшы дейт, берген батасы сая кетпейт дейт. Эмнеси болсо да эл-жер көргүчө аке менен жүз көрүшүп, бетме-бет акыл сөздөрүн угуп, алдынан өтүп, батасын алып келейин", — деп келип калат.

Ал Сарт акенин үйүндө беймарал мейман болуп отурганда:

— Аке, Ысык-Көлдүн айланасы, аны курчап турган күңгөй, тескей тоолордун өрдөшү кенен, малга абдан жайлуу келет деп укчу элек. Айткандай эле жер-суу кенен экен, көз жоосун алган кооз экен. Көлдө байлар көп деп укчу элек, чыгаан байлардан канчасы бар? — деп сурап калат.

Анда Сарт аке:

— Балам, мен билгенден үч-төрт эле бай бар: мына, бизге танапташ жерде Тилекмат деген бар: анын жети катынынан он сегиз баласы бар, ошол; арыктан Сарыкенин – 13, коңурат Карабектин – 12, желдең Карганын – 11 баласы бар. Бай деп ошолорду айтабыз. Балам, чын-чынына келгенде, башы өскөн адамдан ашкан бай болбойт. Ал эми өрүш толо мал түбөлүк байлык эмес, кампа толо жыйып койгон дүнүйө байлык эмес. Мал болсо — бир кыштык. Кыш каарына алып же кара жут болсо, же ат баса албас калың кар түшүп, мал тээп жей албай калса, малдан кол жууп калат. Кампа толо дүнүйө да түбөлүктүү эмес, буюрса ээсиники, буюрбаса, же өрт менен, же суу менен, же ууру колдуу болуп жоголот. Балам, байлык жөнүндө дагы бир айтайын дегеним бар, ашык көрбөсөң эсиңе түйүп кой. Адам ар кандай эмеспи. Негизи эле адам пейлинен табат. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүр-дүнүйө болсо, бирок пейил тар болсо, дүйнөдө мындан жарды адам болбойт. Малдын түгү жок, үрүп чыгар ити, мыёолгон мышыгы жок, сызга отурган жарды болсо, ошого карабастан жаратылышынан пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам — бай адам. Балам, мал-жан күтсөң, кенен пейилди кошо күт. Кээ бир адам болот – түк күткөн сайын дагы көбөйтөм деп алектенген. Анын сарсанаасы көбөйтүүдө болуп, пейли тарып, сараң тартып калат. Сараң адамда ынак дос, жан бирге тууган, эзилишип эришкен сөөк болбойт, жалгыздап калат. Мындан ашкан жардылык болобу, — дейт.

Нускалуу сөздөрдү угуп, көңүлү ыракатка баткан манап эки-үч күн өрүү болуп, кетерине бир күн калганда жигиттерине жетелете келген байтал бээни сойдуруп, атайы камдай келген ээр-токумдуу келишкен жоргону тартуулап, бата берип коюусун өтүнөт.

Ошондо Сарт аке:

— Балам, турмушка моюн тозгон – абзел иш. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө, узарсаң – кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин. Алла-таалам өмүрүң менен пейилиңе береке берсин! Оомийин! – деп бата берген экен.

Олуялыгы. Ал кездеги салт боюнча Сарт аке бир топ жашап эле калганда дагы тукум улар зайып алып бермек болушат. Өз көзүбүз менен көрөлү деп кыз тандап Күңгөйдөн бирөөнү жактырышса, Сарт аке ага көнбөй коёт, Тескейден сулуу десе сулуу, чырайлуу десе чырайлуу бир кызга көздөрү түшөт. Аны да жактырбайт. Анан Тосордон жатакчынын бир кызын өзү тандаптыр. Боронбай баш болуп коштоп жүргөндөргө биринчи көрсөткөндөрү тектүү жердин кызы болгону менен андан жакшы тукум чыкпай турганын, экинчиси төрөй албасын айткан экен. Өзү тандаганы беш уул, эки кыз төрөп берип, алардын үчөөнөн топ жарган жакшылар чыгыптыр. Ошолордун тукуму азыр Жети-Өгүз районунун бир топ айылдарын турак кылат.

Өмүр соңунда. "Быйыл жаз алды менен Сырт аркылуу Нарынга шашпай көчүп баргыла, жолуңар Кичи-Жууку ашуусу, Борду, Ак-Бел, Кара-Сай, Кызыл-Эшме, Кара-Каман, Балгарт болсун" дептир. Нарындагы туугандары урмат менен тосуп алат. Сарт аке балдарына бир күнү эле "ат жеткен жердеги элдин баарын чакыргыла, малдын семиздеринен сойгула, өз колум менен элге тамак берем" дейт. Балдары айткандай кылат. Сарт аке аксакалдар менен бирге олтуруп эт жейт, кеп курушат. Бата тиленет. Эл узайт. Анан балдарына "баш-аягымды тарткыла" дейт. Жайланып жатып керээз айтып кирет: "Балдарым, ууру кылбагыла, ушак сүйлөбөгүлө, ала жипти аттабагыла, ит өлтүрбөгүлө" дейт. Болду. Келмесин келтирет. Молдонун ыйман айтуусун суранат. Ошол замат узап кете берет. Ар-ар кырдан ашып кеткен меймандар кайра кайтып, өкүрүп түшөт. Мына бул акылмандык — өмүрдүн да, өлүмдүн да, адамдардын да баркын билгендик.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (385)

Тема боюнча

Заманың келди жакындап, тайган иттей такымдап. Олуя акын Арстанбек тууралуу 13 факты
Тайлак баатыр жөнүндө 10 факты. 42 жашында тыңчынын колунан өлүм таап...
Белгилер:
өмүр, жашоо, кедей, байлык, бай-манап, бата, Сарт аке

ЭҢ МААНИЛҮҮ