Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1970-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал жылдары сүрөттөгү таланттуу инсандардын атагы өз мекенинде гана эмес, алыска тарап, кыргыз элин дүйнөгө таанытып жаткан учуру эле.
Калемгердин чыгармалары чет тилдерде жүз миңдеген нускада чыгып, XX кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөдөгү эң мыкты опера ырчысы чет жакта билим алып, түрдүү эл аралык сынактарга катышса, СССРдин эл артисти, белгилүү актёр эл аралык деңгээлде таанылып, чет элдик киночулардан чакыруу алып турган маалы болчу.
Тай кезинен дүйнөнү дүңгүрөткөн Базарбаев менен Токомбаева. Таберик сүрөт
Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев сүрөт тууралуу буларды айтты.
"Үч инсан тең бири-бири менен жакшы мамиледе эле. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде көп тасмалар тартылгандыктан режиссёр Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, актёр Сүймөнкул Чокморов менен жазуучу тыгыз байланышып турган. Опера ырчысы Болот Миңжылкыев да анын жакын санаалаштарынан эле. Алар чыгармачыл чөйрөдө мейли кино, мейли опера жаатында болсун, бири-бирин колдоп, кеп-кеңеш, акыл-насаатын айткан учурлары өтө көп болчу. Негизи эле Айтматов киночуларга, сахна чеберлерине эргүү берип турчу, өнөрпоздордун сыйлык алып, көпчүлүктүн оозуна алынышына чоң түрткү берер эле. Мен 1980-жылдардан баштап эле алардын мамилелерине күбө болуп калдым. Чыгармачылыктан сырткары үй-бүлөлөрү менен катышып, мейманга көп барып турушчу. Чыңгыз агай акын-жазуучу, окумуштуу, академик, кыргыз искусство өкүлдөрүнүн башын бириктирип турчу", — деди Акматалиев.
"Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!". Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты
Белгилүү окумуштуу, академик Азиз Салиев өзүнүн монографиясында улуттун сыймыгы, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү деп жазуучу Чыңгыз Айтматовду, театр актёру Муратбек Рыскуловду, кинематографисттерден Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев, скульптор Тургунбай Садыков жана опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин ысымдарын атаган да жайы бар.