07:13 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Депутат Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол, экономист Акылбек Жапаров во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан

Акылбек Жапаровдун айылга каты. Бактылуу кылган 20 мүнөт, самоор жаккан бала

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
89320

Бул сапар айылга катты Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Акылбек Жапаров жазды. Элеттин эстүүлүккө тарбиялаган касиетин, мектептеги тентектигин эстеп, атасынан жашырып башка окуу жайга өткөн учурларын баяндап берди.

Айылга катымды баштоодон мурда ушул традицияны толук жана кыйыр түрдө улантууга шарт түзгөн учурларыма токтоло кетүүнү эп көрдүм.

Мен чакыруулар менен жогорку окуу жайларга барып, студенттерге лекция окуп турам. Анан учурдан пайдаланып балдарды ата-энелерине кат жаздырып турам. Ооба, кадимкидей эле марка чапталып, конвертке салынып, почта аркылуу жөнөтүлгөн, кол менен жазылган кат.

"Ата-энеңерди бактылуу кылам десеңер, эмки сабакка конверт көтөрө келгиле, үйгө кат жазгыла. 15-20 мүнөт берейин", — деп айтам. Азыр кат күткөн учур болбой калбадыбы. Ата-энелер телефон сүйлөшүүнү эмес, алган алакандай барагын эстеп калышат экен. Алгач балдар суроолуу карашса, азыр ата-энелеринин өзгөчө кубанып, кээ бирлеринин ошол каттарын сактап да койгондугун угуп калам. Баласынан СМС же ватсапп сыяктуу мессенджерлердеги бир-эки ооз сөзүнөн башка эч нерсе окубаган ата-энелердин кол менен жазылган катын почтадан алып бир нече ай бактылуу болуп жүрөрү турган иш.

Студент баласынан кат же окуган жеринен жагымдуу кабар алган кандай жакшы экендигин атамдан улам байкап калган жерим бар.

…Фрунзедеги политехникалык институтта окуп жүргөндө 1-курстагы уулу, мен тууралуу атама "Ушундай уулду тарбиялаганыңызга рахмат, жалаң 5ке окуду" деген кат жана мактоо баракчасы барат. Аны алган атам кубанып, эки ай жууганын кийин апам, инилерим айтып жүрдү.

Учурда кат жазуу, китеп окуу маданияты бизде такыр эле жокко чыгып бара жатат. Жеке оюмда, киши оюн кагазга кол менен жазып түшүргөнү жакшы деп билем. Аны билбесе, турмушунда кыйын болот го.

Эми "Айылга каттын" өзүм жана айылым жөнүндө бөлүгүнө өтсөм. 

Государственный и политический деятель Кыргызстана, депутат Жогорку Кенеша  — Акылбек Усенбекович Жапаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Акылбек Жапаров

Мугалимим — Зинаида Афанасьевна

…Биринчи катты 6-7-класста окуган кезде мектептеги кыздарга жолдодук. Анда киного баралы деп сунуштап же ички сезимдерибизди ошол кезде таасирленип окуган Александр Пушкин, Михаил Лермонтовдун ырлары менен берчү элек. Биздин жазуу чеберчилигибизди класс жетекчибиз Зинаида Афанасьевна Ли аттуу эжекебиз түмөн түйшүк менен өстүргөн экен. Сочинение, изложениеге абдан көңүл буруп, ал тургай сабактан сырткары да алып калып жаздырып, машыктырчу. Жазуучу Лев Толстойдун "Согуш менен тынчтыгын" канча ирет окуп, анын каармандарын жан дүйнөбүздөн өткөрүп, кайрадан мүнөздөп жазганыбыз азыр да эсимде. Ушул турушумда ойлоп көрсөм, Зинаида Афанасьевна өз ишине берилген, терин төгүп иштеген педагогдордун бири болгон тура. Ошентип көбүбүз жазгыч болуп чыга келдик. Бул өнөрдү өздөштүрүп алганым өзүмө эле эмес, башка теңтуш балдарыма да ошол кезде эле "жардамын" бере баштаган.

Кыздарга кат берет элем деп келген классташтарыма текстин оозеки айтып берем, анан алар шыпылдатып жазып алып, жакшы көргөн кыздарына жиберчү. Ал эми менин мектептеги кат жолдогон кыз туурасында айтсам… ал классташым — менин азыркы жубайым.

Дегеле башкалар сындуу мени деле айыл оокатка, чоң турмушка бышырып, тарбиялады. Үй-бүлөдө алты балабыз, беш эркек бир кыз. Менден улуу агамды атамдын эжеси багып алгандыктан, мен ата-энемден кийин эле улуу катары башкаларга баш-көз болуп чоңойдум. Атам 1986-жылы каза болуп калгандыктан, кичүү бир туугандарымды үйлөнтүп, окуттук. 

Көз көгөрүп, мурун канап… нан бышырып, уй саап

Мектепте жакшы окуганым менен бейбаштыктын планын жакшы эле аткардым. Кочкордун борборунда чоңойдум да. Ишемби, жекшембинин кечинде бий болор эле. Анан көчө-көчөгө бөлүнүп алып, жаатташып урушмай…

1976-1980-жылдар. Анда The Beatls тобу күчүндө — кара көз айнектерди тагынып, платформа кийип, чачтарды кое берип бир башкача жүрчүбүз. Багелеги кенен шымдардын баарын Кубан Осмонов аттуу классташыбыз таардан, чийбаркуттан тигип берет. Ошондой кечтерде бизди чилдей тараткан, жашы жете электердин иши боюнча инспектор Байзаков аттуу адам бар эле. "Байзаков келатат" деп бирөө-жарым кыйкырганда баарыбыз качып жок болчубуз. Тартипти орноткон жалгыз ошол адам эле. Мектеп-мектеп болуп мушташабыз, билип калгандарына түшүнүк кат жаздырат. Бир ирет дагы урушуп кеттик, бизди милицияга киргизип (РИИБ) коюшту. Байзаков атам менен теңтуш, дос эле. Апам уулуң ушинтиптир десе, атам досуна кетет. Түнкү 11лерде үйгө келсе мен жок, апам бала кана деп сурайт да. Көрсө экөө кепке кирип, андан ары кетип, мен унутта калыптырмын. Атам түн бир оокумда чыгарып кеткени эсимде. Аны менен эле токтоп калыш кайда?

"А" дан тарта "Д"га чейин 5-6 катарлаш класстар болор эле. Чоң танаписте чоң класстагы балдар кичүүлөрдү бири-бирибиз менен мушташтырчу. Кызык кездер экен. Ошол кездеги түшүнүк менен "5-атаман" болчумун. Менден да чоңдор бар эле. Мектептеги мушташтан кийин "масштабдуу" боло баштайбыз. Тагыраагы, паркка башка мектептеги балдар менен урушабыз. Үйгө баш жарылып, мурун канап, бети-башыбыз көгала болуп келебиз. Аталарыбыздан "атаңгөрү, башкалардан таяк жеп… Туура кылат, дагы бир көзүңдү көгөртсө болмок экен. Амансыңбы, болду. Эми сабагыңды оку", — деген сөз укчубуз. Азыркыдай бөпөлөп, үйлөп, сылап-сыйпамай жок. Азыр баамдасам, ал дагы өзүнчө бир тарбия экен.

Үй оокатка бышык чоңойдук. Атам менен апам кызматта болгондуктан, баарыбыз үй оокатына көндүк. Үйдү шыпырып, полду мизилдете жуучубуз. Апам камыр жууруп кетет, нанды бышырып, тамак жасап коебуз. Азыр ойлосом, уй сааганды эле жакшы үйрөнө албай калыптырмын, ал эми иним ал иштин майын чыгарчу. Бирок колдон келишинче тырмышып саачумун.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол, экономист Акылбек Жапаров во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Жапаров: менин мектептеги кат жолдогон кыз туурасында айтсам... ал классташым менин азыркы жубайым

Байзаков менен кайрадан кезиккенде

Кийин жалгыз карындашым турмушка чыкканда апам ачуу басарга келе жатышат деди. Жетип бардым. Ким экенин деле сурабаптырмын. Үйгө кирсек, кудалар удаа эле келип түштү. Кулдугум бар десе эле баягы Байзаков аксакал! Бүгүнкү күнгө чейин кулдугум бар деп жүрөт, ал аксакал 80ден ашып калды. Сүйлөшүп отуруп, "эми мени учеттон чыгарасызбы" деп тамашалап, көпкө чейин күлгөнүбүз эсимде.

Эркелик өзүнчө болсо керек, бирок өтө деле байкалган эмес. Китепти жашынып алып, жатып алып көп окучумун. Атам ыраматылык "же жазуучу, же кызматкер болуп жан бакпасаң, сен жалкоосуң, кара жумуш кылып оокат кыла албайсың" дей берчү.

Үйдүн жанында айылдын чоң китепканасына көп барчумун. Анткен менен азыр деле китепке жакынмын деген менен кайта баштайт экенсиң. Мурда аптасына бир китеп болсо, азыр эки-үч жумада бирди окуп алдык.

Мединститутка кирип… политехтен чыкканда

Атам мени дарыгер кылууну каалап, медициналык институтка өткөрөм деди. Кадимкидей эле кыргызча, кымызын куюп, козусун бөктөрө келип, Борис Шапиро (саламаттык сактоо министринин орун басары жана республикалык Санитардык эпидемиялык көзөмөл станциянын башкы врачы) аттуу кесиптешине тааныштырды. Институтка документтеримди тапшыртты да, өзү дарылануу үчүн кардиология институтуна жатты. Баса, абитуриент мага күйөрмандык кылып да келген. Ал кезде бир нече бөлөм Политехникалык институтта окучу. Эч кимге айткан жокмун да 31-августта документтеримди кайра алып, Политехникалык институтка тапшырып койдум. Эмне болор экенмин деп ичимден ойлонуп коем, кыскасы, эксперимент менен окууга өтүп кеттим.

Калыбек аттуу агаларыбыз бар эле, ээрчитип алып күйөрмандык кылып келген атама Мединститутка эмес, Политехникалык окуу жайга өткөнүмдү "угузмай" болдук. Азыркы "Хаят" мейманканасынын ордунда "Кыргызстан" деп аталган башкы мейманкана турчу. Анын артындагы ресторанга бардык. Атам эч нерседен кабары жок, мени "окууга өттү, дарыгер болот" деп эле компоюп, ыраазы. Аягында байкем айтты. Эмне дээр экен деп мен турам, кыпылдап. "Ай, атаңдын оозун урайын. Мейли эми, өтсө болуптур, багынан көрсүн", — деди. Жаным жай ала түштү. Шаарда туулуп-өссөм ушундай даражадагы адам болот белем деген суроого так кесе жооп бере албайм. Балким, тагдыр бөлөкчө уланмактыр. Шаарда жогорку окуу жайда окутуучу болмоктурмун.

Муну менен айылдагы балдардын чыйрактыгын, өз киндигин өзү кесип, өз алдынча болгондугун айткым келди. Азыр деле балдардан, неберелерден байкаганыма караганда, айылдагылар бышык келет экен. Турмушка көз карашы бекем калыптанып калат экен. "Неберелерди айылга бир, эки ай эмес, жылдап жиберсек жакшы болгудай" деп тамашалап калам. Айыл — турмуштун мыкты мектеби деп ишенимдүүлүк менен айта алам. 

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол, экономист Акылбек Жапаров во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Жапаров: "Неберелерди айылга бир, эки ай эмес, жылдап жиберсек жакшы болгудай" деп тамашалап калам. Айыл — турмуштун мыкты мектеби деп ишенимдүүлүк менен айта алам.

Шаарга кетип, "күнөөлүү" болгондор жөнүндө…

Айыл туулуп-өскөн жериң, бирок кайсы жерди көп байырлап, эмгек кылсаң, ошол жерге көнүп каласың да. Баарыбыз эле балалык кезди эстейбиз, ал кезде чоң турмуштун баш оорусу жок. Андыктан айылга тартылганыбыз — балалыкка баргыбыз келгени деп билем. Шаарды байырлап, бирок турмуш маселесин чече албагандар, андан бешбетер айылга качкысы келет.

Лирик акын Кыялбек Урмамбетовдун архивдик сүрөтү
© Фото / из личного архива Кыялбека Урмамбетова
Биздин муундун көбү айылдан кетип калып, өзүбүздү күнөөлүү катары сезебиз. Мен көп саясатчыларды "айылдан кетип калдым, ошол жакка шарт түзүп берсем болот эле, начар мектепте окудум эле, жакшы мектеп курсак, жакшы дарыгер алып барсак" дегенин угуп калам.

Технология жетишкен сайын айыл менен шаар өзгөрүп бара жатат. Эсимде, мен бала кезде жайлоодон кымыз келсе, кошуна-колоңдун баары чогулуп келип, кымыз иччү. Коноктун алдында же кеткенден кийин келип, тамак-аштан ооз тийип кетчү. Азыр чакырсаң да келбей калыптыр.

Самоор ала чуркаган балдар азыр жок

Айылдын дагы бир касиети — жамандык-жакшылыкта тикесинен тик туруп бири-бирине жардам бергени. Өзгөчө жамандык башыңа келгенде кыргыздын салтынан өтөр эч нерсе жок. Көпчүлүк келип, оорду колдон алып, көтөрүп кетет.

Эсимде… Биз бала кезде баланчанын үйүндө жамандык болуптур же бирөө келин алып келиптир дегенде эле үйдөгү эки самоордун бирин көтөрүп алып, айттырбай эле ошол үйгө жөнөчүбүз. Үч түтүндөн бир кезек эле. Тизип коюп, 15-20 чактыдай самоор кайнатчубуз. Эгерде киши кайтыш болсо, мектепке да жиберчү эмес, себеби кол кабыш кылуу парз. 10 чакты бала барып, суусун толтуруп, боорсоктун камырын ташычубуз. Бул да өзүнчө тарбия эмеспи. Анан кичине бой тартып калганда эт бышырганга өтчүбүз. Элдин колуна суу куюп, эт таратып, кайра табактарды чогултуп келип, айтор, айыл-апага аралашып, чогуу жүрчүбүз. Айыл ошонусу менен айырмаланат. Жакшылыкта да опур-топур болуп, тууган, коңшулар чогулуп, ошол жерден тарбиясы да, сүйлөгөн сөзү, билими да көрүнүп калат. Кыргыздын салты айылда калат, айылда калыптанат, айылда жашайт. 

Государственный и политический деятель Кыргызстана, депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жапаров во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Жапаров: биз балалык менен карылыгыбызды айылдан өткөрүшүбүз керек. Ал турган иш, акыры туулуп-өскөн жерден жай алабыз...

Айылдаштарыма айтаарым

Дүйнө өнүгүп бара жатат. Кыргыздардын беш баласы болсо, бешөө тең айылда калган учурлар бар. Менин бере турган кеңешим, бир бала ата журтта калып түтүн булатса, калганы чоң дүйнөгө, шаарга аралашуусу керек. Балдар билим алсын, көзү ачылсын, дүйнө таанысын. Билим — өнүгүүнүн жолу. Жаш кезинде жаңы технологияны өздөштүрсүн, дүйнө кыдырсын. Биз балалык менен карылыгыбызды айылдан өткөрүшүбүз керек. Ал турган иш, акыры туулуп-өскөн жерден жай алабыз… Ал эми ортодогу мезгилди адам өзүн-өзү таанууга, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жумшоосу абзел. Ушундай формуланы киргизишибиз керек.

Мен силерге жакшылык, өнүгүү жана билим каалайм. Урматым менен уулуңар, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Жууса кеткис кыял, хирург кылган жеңенин төрөтү. Мамакеевдин айылга каты
Дастан Жумабековдун айылга каты. Кызыл баштык, таенени кудайлаткан атаман
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
Белгилер:
тарбия, айылга кат, элет, балалык, мектеп, Акылбек Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ