Ысыккөлдүк сүрөтчү териден маңкурттун образын жасады

© © SputnikСкульптура художника Кадыра Мусаева
Скульптура художника Кадыра Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсталляцияны карап турсаң, маңкурттун бети-башында тырыктар бар. Кыйналып, азап чеккен адамдын образы дароо көзгө урунат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган. Мында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.

© © SputnikЫсык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду.
© © SputnikАвтор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган.
Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган.
© © SputnikМында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.
Мында Айтматовдун Кылым карытар бир күн чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.
1/3
Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду.
2/3
Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган.
3/3
Мында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.

"Эмнеге маңкуртту жасадым? Бул учурдун өтө актуалдуу темасы. Азыр биздин өлкөдө арабдашуу, европалашуу, америкалашуу саясаты жүрүп жатат. Маңкурт өз энесин атат. Бул — өз тамырына балта чабууга барабар. Биз ошондой болуп өзүбүздүн ата-тегибизди унутуп баратабыз. Эгер тилибизди, дилибизди унутсак, улут катары жоголобуз", — деди Мусаев.

Инсталляцияны карап турсаң, маңкурттун бети-башында тырыктар бар. Кыйналып, азап чеккен адамдын образы дароо көзгө урунат.

Автор аны жасоодо тери, топоздун жүнү, гипс, зым жана сетка сыяктуу материалдарды колдонгон.

Түп районунун Күрмөнтү айылында 1958-жылы туулган өнөрпоз Бишкектеги Көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Мусаевдин өзгөчөлүгү — ал иштетилген тери сатып албайт. Эч кандай химикаты жок, бабалардын ыкмасы менен иштетет.

Өз кесиби сүрөтчү-коюучу.  Акыркы жолу Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" фильминде бугунун башын жасап, шамандын ролун ойлогон. Россиялык кинорежиссер Владимир Хотиненконун "Викингдер" аттуу тасмасына төрт ат жасап берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0