Кыргызстан Катардагы эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат

Жазылуу
Жолугушуунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган биргелешкен тематикалык көргөзмө уюштуруу сунушу да талкууланган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 29-ноябрдан 8-декабрга чейин Доха шаарында өтө турган эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин көргөзмөнүн директору Жассим Ахмад Аль-Буайнайн менен жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көргөзмөгө катышуу маселелери каралып, андан тышкары, иш-чаранын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган биргелешкен тематикалык көргөзмө уюштуруу сунушу да талкууланган.

"Анда залкар таланттын чет тилдерге, анын ичинде араб тилине которулган китептеринин көрсөтүлүүсү күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчи Ниязалиев Катар китепкана борборунун китеп музейин көрүп, өлкөнүн эң биринчи китепканасынын өнүгүү жана калыптануу тарыхы менен таанышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0