17:16 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Маданият

Эпейген экөө... "Лифти бар үйдөгү тепкичтердеги" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)
52330
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссер Аман Камчыбековдун сүрөтү
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссер Аман Камчыбековдун сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында тартылган. Бирок биз сүрөттө эки актрисага басым жасадык.

Ошол жылы болочоктогу белгилүү режиссер Аман Камчыбеков "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин жараткан. Анда Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова башкы ролду аткарып, байбичелердин образын жараткан.

Фильмдин эпизодуна катышып калган Кыргыз Республикасынын эл артисти Чоро Думанаев ал кезеңди мындайча эскерет.

"Тасма Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон. Негизи дипломдук иштер чаң басып эле калат го, бирок анын эмгегин телевидение сатып алып элге сунуштаган. Кыска метраждуу фильм көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Башкы ролду ойногон Күмүшалиева менен Сыдыкбекова биздин энелерибиздей эле болчу. Биз жашпыз да тентек кылсак, акыл-насаатын айтып өз балдарындай көрчү. Ал эми режиссеру Аман аябай таланттуу инсан эле. Жол кырсыгына кабылып бул дүйнөдөн эрте кетти", — деди Думанаев.

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми кийин эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарды багындырган.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)

Тема боюнча

"Эне-бала" Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Согуш талаасындагы Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Таберик сүрөт
Белгилер:
Сүрөт, Сабира Күмүшалиева, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ