21:55 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Белгилүү дизайнер, сүрөтчү Гүлжан Иреш жана манасчы Дөөлөт Сыдыков

Гүлжан Иреш: эпостогу "бири кетти тереңге" деп боолголонгон айну эли Манас укту

© Фото / Караш Жанышов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
337 0 0

"Жибек жолунун Ак конушу" аттуу дүйнөлүк таанытым долбоорунун жетекчиси Гүлжан Иреш долбоордун алкагында бир канча өлкөлөрдү кыдырып, маданий иш-чараларды уюштурганын уккан жайыбыз бар

Эки бөлүктөн турган бул долбоордун биринчи бөлүгүндө эзелки мурастардын татыктуу баасын бере алган Европаны кыдырса, экинчи бөлүгүндө кулак угуп, көз көрө элек айну эли менен Чыңгыз хан мекендеген улуу жайыктарда Айкөл баянын жаӊыртып кайтышкан. Анда эмесе, уюштуруучунун өзү менен болгон маекти сунуштайбыз…

Дизайнер, художник Гульжан Иреш во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Сандыбаев Данияр
Гүлжан Иреш "Жибек жолунун Ак конушу" аттуу дүйнөлүк таанытым долбоорунун алкагында бир канча өлкөлөрдү кыдырып, маданий иш-чараларды уюштуруп келет

— Жакында эле Монголиянын ээн жайыгында "Манасты" жаӊырып, Чыңгыз хандын айтылуу күмүш жалатылган айкелинин алдында улуу баяндын дүбүртү чыгыптыр. Алгач ушундан кеп салсаӊыз?

— Тарыхы тагдырлаш, тамыры сапарлаш болгон Монголия менен кыргыздын, анын ичинде маданий-руханий мурастарыбыздын байланышы күч. Ошондуктан долбоордун экинчи бөлүгүнүн экинчи сапары Монголияга багытталып, белдүү манасчы Дөөлөт Сыдыков жана сүрөтчү Тана Сабугу болуп барып келдик. Борбор калаасында окумуштуулар жана студенттер менен илимий жолугушуулар болуп, анын алкагында "Манас" баяны айтылып жатты. Тана Сарбугунун жамбы коллекциясы көрсөтүлдү.

Анан дүйнөнү кызыктырган Чыңгыз хандын алп эстелигинин алдында "Манас" эпосу айтылып жатканда угармандардын кабыл алуусу, таасирленүүсү байкалып жатты. Баарынан кызыгы монголдордун күчтүү делген шамандары да кызыкдар болуп, кулак түрдү. Угуп жатканда ыргак менен кошо термелип, берилгенин көрүүгө болот эле. "Манас" айтылып бүткөн соң, транска кирип, дастанда айтылган окуяларды көргөндүгүн котормочу аркылуу түшүндүрүп беришти.

Андан башка Монголиянын учу-кыйыры билинбеген ээн талааларында да "Манас" айтылып, тыным билбеген жайыктын шамалы аркылуу көчмөн доордун элесин сактаган эл-жерге тарап кеткендей болду.

Дизайнер, художник Гульжан Иреш и манасчи Дооолот Сыдыков в Монголии
© Фото / Караш Жанышов
Дизайнер, сүрөтчү Гүлжан Иреш менен белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Чыңгыз хандын айкелинин жанында

— Мындан мурда эле долбоордун биринчи сапары Японияга болгон экен. Жибек жолунун Япониядагы ак конушу тууралуу айтып берсеӊиз?

— Япониянын борбору Токиодо көргөзмө жана этно концертти камтыган маданий иш-чарабыз Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жардамы менен болду. Анткени кыргыз-япон дипломатиялык байланышын 25 жылдыгын утурлап өткөрүлчү иш-чара биздин сапарга туура келип калыптыр. Биргелешип өткөрүүнү элчилик сунуштады.

"Өзүн сыйлаган, өзгөнү да сыйлай алат" дегендей япондор өз маданиятын абдан жогору баалайт эмеспи. Ошондуктан, алар да бизди да абдан кызыгуу менен кабыл алышты. Сүрөт көргөзмөдөн, этно-концерттен айрыкча, "Манас" баянынан абдан таасирленишти.

— Атын угуп өзүн көрбөгөн айну деген элге, ажайып Хакайдо аралына барып келипсиздер. Ушунчалык алыс сапардын максаты эмнеде эле?

— "Манас" баянындагы "Бири кетти Алтайга, бири кетти Кангайга, бири кетти Эренге, бири түшүп кетти тереӊге" деген саптардагы тереӊге түшүп кеткен эл деп дал ушул айнуларды божомолдоп жүрүшөт. Интернет булактарындагы сүрөттөрдү сиздер да көргөн чыгарсыздар, өӊ-түспөлү менен кийимдериндеги окшоштуктар абдан көп. Так кыргыз болбосо да кыргызга тектеш деп айтаарлык. Ошондуктан ошол элге барып, "Манас" айттырып, чын эле бизге тектеш болсо, элде бир ойгонуу болобу деген изги тилек, илгери үмүтүбүз ошол тереӊге чейин жетелеп барды.

Дизайнер, художник Гульжан Иреш в Монголии
© Фото / Караш Жанышов
Дизайнер: монгол шамандары Манасты угуп жатканда ыргак менен кошо термелип, айтылып бүткөн соң транска кирип, дастанда айтылган окуяларды көргөндүгүн котормочу аркылуу түшүндүрүп беришти

— Айнулардын кабыл алуусу кандай болду?

— Айнулар аз түтүн эл экен. Өз тилин эчак унутканы менен фольклорун, кол өнөрчүлүгүн унутушпаптыр. Маанисин билишпесе да элдик ырларын ырдашат экен. Манаска абдан кызыгышты. Улуу баяндагы жогоруда айтылган саптарды айтып, аларды ошол эл болсо керек деген божомолдор бар экендигин айтканыбызда кыргыз жерин бир көрүүнү, биз менен тереӊдеп таанышууну абдан каалашты.

— "Манас" баяны аларга кандай таасир этти, байкай алдыӊызбы?

— Айтып кетчү дагы бир жагдай, мени менен барган манасчы Камил Мамадалиев манас айтып жатты. Алар түшүнбөсө да абдан берилүү менен угуп жатышты. Биз келгенден кийин аларда өз тилин изилдеп көрүүгө болгон аракеттер башталгандыгын байланышып жатып билдик. Анан да алар быйыл боло турган Көчмөндөр оюндарына келүүгө абдан аракет кылышууда. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, оӊ жагына чечилет деген ишенимдебиз. Байланышкан сайын абдан ынтызарланып, жок дегенде бирөөбүз барып келсек дегендеринен улам "Манастын" айну элинде жаӊырышы түпкү кан байланышын ойготуп жибердиби деген ойдо калдык.

— Долбоор эмне болгон долбоор, аталышынын мааниси эмнеде, кантип башталган?

— "Жибек жолунун Ак конушу" — Жибек Жолундагы белдүү түйүндөрдүн бири болгон кыргыз маданиятынын дүйнөгө болгон кербени жана айрым-айрым өлкөлөрдөгү тыныгуусу деген мааниде ушул аталыш менен атаганбыз. Биринчи бөлүгүндө кыргыздын улуттук кийимдерин, музыкасын, экинчи бөлүгүндө кыргыз маданиятын жана кеп казынасынын, касиет-өнөрүнүн сап башы болгон "Манас" баянын дүйнөгө таанытуу, жайылтуу.

Ал эми башталышы болсо кыска-нуска маданий программа менен дүйнө кыдырсак деген көп жыл мурдагы кыялдарга барып такалат. Долбоордун минтип ишке ашып калышы изги тилек, илгери үмүттүн орундаларынын далили.

Дизайнер, художник Гульжан Иреш и манасчи Дооолот Сыдыков в Монголии
© Фото / Караш Жанышов
Гүлжан Иреш: сапар Европадан башталды эле, эми Европадан жыйынтыктасакпы деген ойдон улам ушул өлкөгө токтолуп жатабыз

— Долбоордун алкагында канча өлкө каралган?

Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
— Биринчи бөлүгүндө Швейцариядан башталып, Австриядан жыйынтыкталып, Европанын алты өлкөсүндө кыргыз маданиятын жайылтуу иш-чарасынын алкагында "Ордо Сахна" фольлордук ансамблинин концерти, кыргыз дизайнерлеринин жана сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөзү уюштурулган. Ал эми экинчи бөлүгүндө Азия өлкөлөрү, алардын ичинен кыргызга жакыны деп Япония, Монголия жана Кытайдын Тибет аймагы каралган. Жогорку эки өлкөдө болуп кайттык, үчүнчү өлкөгө кирүүгө бир аз татаалдыктар жаралганынан улам Венгрияга токтолуп жатабыз.

— Эмнеге Венгрия, Азиянын башка өлкөсүн тандаганга болбойт беле?

— Венгрлер — бул байыркы көчмөн эл болгон мажарлар да. Алар менен биздин элдин ортосунда көчмөн доорунун көз жаздымда калган тарыхы байланыштуу. Экинчиден, венгер этнографы Даут Кара Шомфей "Манас" эпосун өз тилине которуптур. Үчүнчүдөн, сапар Европадан башталды эле, эми Европадан жыйынтыктасакпы деген ойдон улам ушул өлкөгө токтолуп жатабыз.

— Кыргызстан аймагында айттыруу долбоордун алкагында каралган эмес да?

— Ооба, бирок дүйнө кезип, алыс сапарга аттана турган болгон соӊ негизги катышуучулар болгон манасчылардан бата алалы деп түлөө өткөргөнбүз. Ага Саймалуу-Ташты тандадык. Анткени бул жердин ааламдын акылмандары керээз-мурасын калтырган асман алдындагы галерея, ыйык жер экендиги да айтылат. Буга чейин ал аймакта "Манас" жаӊырбаптыр. Ошентип манасчылар менен чогуу ошол жакка барып, курмандык чалып, Манас айтылып, тилек тилеп, долбоор-сапарыбызды баштаганбыз.

Дизайнер, художник Гульжан Иреш в Монголии
© Фото / Караш Жанышов
Сүрөтчү: "Манасты" жалгыз кыргыз эле эмес, жер бетиндеги жалпы адамзат түшүнө аларына ынандык. Ошону менен катар анын руханий таасири дагы элде бир жанданууну, ойгонууну күчөтөрүнө чындап ишендим

— Алдыда дагы бир сапар турган экен, буюрса, барып келээрсиздер, дегинкиси аалам кыдырып Манас айтуунун руханий таасири канчалык дейсиз?

— Жогоруда айткандай, япондордун "Манас" баянын кабылдаганын көрдүк, өз тамырын унуткан айну элиндеги жанданууларды азыр интернет аркылуу байланышып угуп жатабыз. Унуткан тилин кайра калыптандырууга болгон аракеттери күч, анан да кыргыздар менен карым-катыш курууга абдан дилгир болушууда. Монголиядагы шамандардын таасирленгенин жогоруда айттык. Ушундан улам "Манасты" жалгыз кыргыз эле эмес, жер бетиндеги жалпы адамзат түшүнө аларына ынандык. Ошону менен катар анын руханий таасири дагы элде бир жанданууну, ойгонууну күчөтөрүнө чындап ишендим.

Тема боюнча

"Манас" дүйнөсү элди улуттук китепканага чакырат
Белгилер:
Манас эпосу, Гүлжан Иреш, Дөөлөт Сыдыков, Хоккайдо, Монголия, Венгрия

ЭҢ МААНИЛҮҮ