Өксүгөн Самара Каримова, бүк түшкөн ата. Муундар тирешкен "Илегилек"

Жазылуу
Кечээ Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында жазуучу Султан Раевдин "Илегилек" спектакли көрөрмандардын назарына түштү. Бул ирет ролдорду КРдин Эмгек сиңирген артисттери Солтобай Кулбаев менен Самара Каримова ойноду.

Айтылган убактысынан кыйла кеч башталган спектакль тартууланаарда театрдын директору Асылбек Өзүбеков Султан Ибраимов атындагы Ош драма театры Бишкекке гастролго келгенин, көрүүчүлөргө аталган спектакль үч күн бою көрсөтүлөрүн айтып өттү. Эмнегедир театрга келгендер билетин көрсөткөнү менен отура турган ордун таппай, айтор, жылышып, алмашып, топтошуп атып эптеп жай алдык.

Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе болгон жок, сизди сагындым... Апаны ардактаган "Ата" тасмасы
Спектакль учурдагы социалдык көйгөйдү козгойт. Чыгарма улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы карама-каршылык, түшүнүк, көз караштардын, баалуулуктардын кризисин чагылдырат.

Илегилек — бакыттын кушу, ошол бакытты учуруп жиберүүгө эмне түрткү болду? Ушул суроо көрүүчүнүн алдына коюлат.

Балким башында эле чет элдик жигиттин бал сөзүнө азгырылбаганда кыз бактысын таап, ата тирүү калат беле… Сүйүүнү баарына бирдей дейбиз. Бирок ата-энеге болгон сүйүү менен жакын адамыңа болгон махабатты салыштырып болобу? Өмүр бою көзүңдүн агы менен тегеренген атаң менен жүрөккө чок салган жигит бир эле учурда "мени танда" десе эмне кылат элеңиз?..

Ооба, 23 жаштагы Жанара тилден калып баса албай калган майып атасын таштап кете албай, же чет элдик жигитти чанып кете албай ортодо буйдалат. Майып ата күн сайын кагаздан илегилек кушун жасап отурат. Анын ишениминде саны миңге жетсе "куштар" небере кызы үчүн миң бакыт алып келет.

Жанарага америкалык жигит Энтон күн сайын телефон чалып, көңүлүн алып, жолугушууга чакырып, анан да чет өлкөгө чогуу кетерин айтат.

Кол кармашкан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүн айга теңеген кыздар мени сүйүп калды. Сүйүүнүн кереметин билбейсиңер да...
Маселе илегилек кушу миңге жетейин деп турганда башталат. Убакыт өткөн сайын небере менен чоң атанын ортосунда пикир келишпестик жаралат. Карыган ата сүйлөй албаса да булдуруктап бир нерселерди айтып, кызын алып калууга аракеттенет. Небере сүйүү отуна күйүп акыры бактысы менен кошо кетүүнү чечет.

Ата-бала кайым айтышууга өтөт. Агынан жарылган Жанара чоң атасынын канынан жаралган небереси эмес экендигин жар салып, чын аты Айгүл экенин айтат. Абышканын уул-келини балалуу боло албай, Жанараны балдар үйүнөн асырап алган болот.

Муну уккан ата "каралдым, как жүрөгүм" деген боюнча коляскадан жыгылып о дүйнө узайт. Дал ошол маалда Жанаранын телефону шыңгырап, жигити Энтон Америкага жалгыз учуп бара жатканын айтып, дым жоголот.

Акырында асмандан миң илегилек түшүрүлөт… Бул жерде жыйынтыкты окурман өзү чыгарышы керек деп ойлойм.

Эгер спектаклдин техникалык жагын айта турган болсок сахна артында керемет музыка жаңырып, декоративдик кооздоо, эффект берүү ойдогудай болду.

Кыз куумай оюнчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай театрындагы кыз куумай. Видео
Албетте, мен театрал эмесмин, андыктан оюмду кадыресе көрөрман катары айткым келди. Карыган атанын ролун аткарган Солтобай Кулбаевге чексиз ыраазы болдум. Образды ушунчалык өтөсүнө жеткире ачып берди. Өзгөчө булдуруктап небересине жалынганда буркурап ыйлагым келди… Алдымда инсультка кабылып, өз алдынча басып-тура албай, анысы аз келгенсип бу дүйнөдө жападан жалгыз карманаар небересинен айрыларын билип-туюп турган адам экенине ишендим. Самара Каримова актрисалык өнөргө кызыгуусу күч экендигин тастыктады. Менин баамымда актриса "Илегилекте" ырчы Самара Каримова эмес, Жанара болушу керек эле. Ийгиликтер алдыда деп ойлойм.

P.S. Биз театрга барганды да, спектакль көргөндү да билбейт экенбиз. Спектаклдин соңунда актерлор сахнага чыгып, режиссерду чакырышты эле, Султан Раев сахнага чыккыча көйнөк-жоолугун, гүлүн көтөргөн көрүүчүлөр тойго же жеке концертке келгенсип биринин артынан бири Самара Каримованы куттуктап жатышты. Кечтин башкы күнөөкөрү болгон режиссер кайда калганын билбей деле калдык. Уялдым…

Жаңылыктар түрмөгү
0