03:10 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.8433
  • EUR90.4984
  • RUB1.0362
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
132 0 0

Бул күнү өлкөнүн бир катар кинотеатрларында жана коомдук, мамлекеттик телерадиокомпанияларында майрамга үндөш темадагы документалдык жана көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өлкөдө бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган.

"Бул күндөрү өлкөнүн музейлеринде ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, каалоочулар кыргыз элинин тарыхы менен тааныша алат. Ал эми кинотеатрларда, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө жана коомдук, мамлекеттик телерадиокомпанияларында "Уркуя", "Курманжан Датка", "Айланпа", "Биринчи" тасмалары көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле "Маданият.Тарых.Тил" каналында "Учур" жаштар театрынын "Улуу Үркүн" спектакли көрсөтүлөт.

Тема боюнча

Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду
Тескей Ала-Тоо кыркасында "Апрель баатырлары" ысымындагы чоку пайда болду
Белгилер:
тарых, эскерүү, майрам, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ