Асел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженная артистка КР Асель Турдалиева
Заслуженная артистка КР Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асел Турдалиева 48 жашка чыкты.

Ырчы журналист Гүлдана Талантбековага чыгармачылык чыйыр жолу, турмушу тууралуу айтып берди.

Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: өмүрүмдүн 25 жылы дөңгөлөк үстүндө өттү
— Асел айым, өздүк майрам кут болсун! Туулган күн болгон сайын бир жашка өйдөлөп турат эмеспизби. Жашым өтүп баратат деп кейиген жоксузбу?

— Рахмат. Тескерисинче, кудайым ушул жашты, күндү маңдайыма жазганы үчүн ыраазымын. "Жаш кезде берсин мээнети, карганда берсин дөөлөттү" дейт. Мен карыганда дөөлөттүү аял болгум келет.

— Башкалар сыяктуу туулган күндө дайыма өткөн-кеткенге саресеп саласызбы?

— Кудайдын адамзатка арнаган майрамы бул — туулган күнү. Калган майрамдар пенде менен кошо жаралгандар. Мурун туулган күн дегенде конок чакырып же бир жактарга барып тосчумун. Азыр жакшы көргөн адамымдын, бир туугандарымдын курчоосунда чакан кылып тосконду жактырам. Эмнегедир саресепти жаңы жылда салам.

Капкара кыргыздын кыздары😂

Публикация от Асель Турдалиева (@aselturdalieva) Авг 15 2017 в 10:45 PDT

— Мурда берген маектерде кичинекей кезиңизде "ССРдин Эмгек сиңирген артисти болом" деген сөздү айтып кыялданчу экенсиз. Азыр чындыгында эмгеги сиңген артист болдуңуз. Жаштын тилегин берет дегендей, биротоло эле Эл артистин айтсам болмок экен деп ойлогон жоксузбу?

Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков: Бек Борбиевдин пикирине кошулам, ал биз тууралуу чындыкты айтты
— Кээде Эл артисти болом деп деле айтчумун. Алтын баш аман болсо кудайым баарын берет дейт. Ички дүйнөң таза, бешенеңе буюрган болсо, кечиримдүү болсоң, жакшылыктын эрте-кечи жок.

Өткөндө бир куудул жигит тамашалап айтып калды. "Асел эже, кудай чекеге бир эле мөөр басат окшойт, ал сен бактылуусуң же бактысызсың деген. Кээ бир адамдар кичинекей кезинде кандай ыйлактап жүрсө, азыр деле ошондой, а биздей чыгармачыл адамдарга бактылуусуң деп койгон го" дейт. Бул дагы жакшы сөз. Кудай бир гана бактылуусуң дегенди ар бир адамга берсе экен дейм.

— Чыгармачылыгыңызда эмне кеп?

— Келерки жылы сахнада жүргөнүмдүн 25 жылдыгына арнап концерт берем, ошого азыр сценарий жаздыртып жатам. Ушу тапта "Айдоочу" деген ырыма клип тарттыруунун үстүндө иштеп, жаңы ырларым чекесинен жазылып жатат. Өзүңүздөр билгендей университетте көп жылдан бери окутуучу, декан болуп эмгектенип келем. Биздин окуу жайда куурчак бөлүмү жок эле, былтыркы жылдан тарта ал бөлүмдү ачып жетектеп келем. Аз да болсо кыргыз искуссвосуна салымымды кошуп жатам деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асель Турдалиева: Чарчадым деген сөздү көп жактыра бербейм. адамга бир күндө 7 саат уктаган жетиштүү. Өзүм таңкы алтыда турам
Заслуженная артистка КР Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асель Турдалиева: Чарчадым деген сөздү көп жактыра бербейм. адамга бир күндө 7 саат уктаган жетиштүү. Өзүм таңкы алтыда турам

— Чыгармачылыгыңызды алгач актрисалык менен баштап, анан ырчы болгонуңузду билебиз. Азыр кино тармагында эмгектенсем кандай болмок деп өкүнбөйсүзбү?

— Эми андай ойлор болот. Ырчы, актриса, окутуучулук бири-бири менен байланышта да. Мен ырчы болуш үчүн Күрөңкеев атындагы училищеден окуп, андан кийин театралдык окуу жайга тапшыргам. Жакшы ыр тартуулоо үчүн жакшы актриса болуш керек. Азыр деле киного сунуш түшүп, сценарийи көңүлүмө төп келсе тартылууга даярмын.

— Чыгармачылык, окутуучулук, анан да тойлордо кызмат кылуу… Бардык нерсеге кантип убакыт табасыз?

— Чарчадым деген сөздү көп жактыра бербейм. Адамга бир күндө 7 саат уктаган жетиштүү. Өзүм таңкы алтыда турам. Мурда уюлдук телефон көтөрбөй, машина эмес троллейбуста жүргөн учурда деле көп жумуш бүтүрчү экенбиз. Азыр кантип таң атып, кантип кеч киргенин деле билбей каласың. Жумуштар да толук бүтпөйт. Айтор таң калыштуу.

— Тойго кызмат кылганга кандай көз караштасыз?

— 90-жылдары тойго кызмат кылгандан тартынчубуз, ал кезде уят деп саналчу. Азыр артисттер кээде чалышып калганда "ай, той барбы" деп калабыз. Кыргызда той болуп турганы эле жакшы. 

© Фото / предоставлено Айчурек ИманалиевойКРдин эмгек сиңирген ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева жана Алина Жетигенова
Заслуженные артистки Айчурек Иманалиева, Алина Жетигенова и Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева жана Алина Жетигенова

— Баса, Instagram баракчаңызда бутуңузга татуировка тартылган сүрөттү көрдүм. Ал чын эле чегилгенби?

— Бирөө комментарийге "эже, ушуну тим эле койбоптурсуз да" деп жазып коюптур. Ал чегилген эмес, жөн гана боелгон сүрөт болчу. Кызым менен Анталияда эс алууда жүргөндө эки жумалык кылып тарттырганбыз. Анан кызым сүрөткө тартып алгандан жүктөп койдум эле. Бул жакка келип тойго барганы камданып жатсам, кыскараак көйнөктөн бутумдагы сүрөт билинип калыптыр. Шым кийип бардым.

— Кызыңыз бой жетип калса керек. Качан турмушка жолуна узатайын деп жатасыз?

— Кызым Бегайым 19 жашта. Турмушка чыгып, мени эртерээк неберелүү кыл деп деле айтам. Бир-эки жыл окуп алайын дейт. Бардык эне сыяктуу жакшы күйөө балага туш болуп, көп неберелүү болсом экен деп кыялданам.

???😆🤗😍

Публикация от Асель Турдалиева (@aselturdalieva) Авг 13 2017 в 12:00 PDT

— Кыздын чырагы кырк жерден жанат деп коет эмеспи. Көп жыл мурун жолдошуңуз менен ажырашып кеткениңизди билебиз, кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлондуңуз беле?

КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: жаш кызга үйлөнүп алыптыр деп айтып жүрүшөт
— Жаштын тилегин берет деп коет экен. Эч кимге айтчу эмес элем, бирок тагдырымды өзүм эле тандап алган окшойм. Кичинекей чагымда артист болсом, белгилүү адам болсом экен деп, үйдөгүлөр жеке турмушту тууралуу айтса "ой, эми…" деп экинчи-үчүнчү планга коюп койчумун. Ошондой эле болду. Турмуш экен.

— Интервьюларыңыздын биринде жакын адамым бар деп айтып каласыз. Бирок үй-бүлө үчүн эки баш биригиш керек го…

— Мен ал үчүн, ал мен үчүн бар. Экөөбүзгө бизди бириктирген ысык сезимдер жетиштүү. Турмушка чыксам, үйдө отуруп, тамак жасап, чыгармачылыкка көңүл бура албай калам го.

— Ошол үчүн элеби?

— Кудайга шүгүр, чогуу элебиз. Жеке жашоомду өтө тереңдетким келбей турат. Ал адам чет мамлекетте жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0