Нарындык дизайнер: Adidas менин идеямды суроо-сопкутсуз колдонгону ыза кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Марсель Шейшенов маек учурунда
Дизайнер Марсель Шейшенов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мен дизайнер Марсель Шейшенов кайсы компаниялардын логотиптерин жасап бергенин канааттануу менен санайт элем, бирок реклама болуп калат деп айта албайм. Анткен менен Марсель чыны менен эле таланттуу жигит.

Анын эмгектерин көрүп эле жүрөсүз. Эң жок дегенде, телевизорду коюп же балмуздак жегенде бир ирет көздөн кечиресиз. 

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асель Минбаева интернеттен сатып алынган бир китеп мекендешибизди акча табууга кантип жетелегенин сурап билди. 

— Sputnik агенттигинин логотиби жактыбы? 

— Менин пикиримче, бир аз ыңгайсызыраак. Бир аз агресивдүү, анан динамикалуу, бул албетте, жакшы. Анткен менен 90-жылдардагы тамгалар колдонулуптур.

© Sputnik / Табылды КадырбековМарсель Шейшенов: мага идея адатта кадимки эле жөнөкөй кара карандаш менен апакай кагазды колго алганда келет. Бир канча сүртүмдөрдү чиймелей берем, анан идея жаралат
Кыргызстанский графический дизайнер Марсель Шейшенов - Sputnik Кыргызстан
Марсель Шейшенов: мага идея адатта кадимки эле жөнөкөй кара карандаш менен апакай кагазды колго алганда келет. Бир канча сүртүмдөрдү чиймелей берем, анан идея жаралат

— Түстөр кандай экен: кызыл сары жана кара болуп турбайбы? 

— Жакшы, контраст. Бул ачык түс жакшы көрүнөт. 

— Силер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын логотиптери кандайдыр бир жаңылык да. Сиз КТРКнын логотибин иштеп чыккансыз. Кандай болгонун айтып бериңизчи? 

— Дизайнерлер арасында ачык конкурс өтүп, ага катышууну чечтим. Мага идея адатта кадимки эле жөнөкөй кара карандаш менен апакай кагазды колго алганда келет. Бир канча сүртүмдөрдү чиймелей берем, анан идея жаралат.

© Фото / Марсель ШейшеновКТРКнын логотиби
Логотип КТРК - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын логотиби

Мен КТРКнын логотибинде кыргыз оюуларынын болушун каалаган жокмун. Азыр аны ылайыгы келсе деле, келбесе деле колдонуп баштабадыкпы. Мен боз үйдү негиз кылып алгым келди. Мунун чечмелениши деле жөнөкөй: кишилер үй-бүлөсү менен боз үйдө чогулуп отурат, аркы- беркиден кеп салат, телевизор көрөт дегендей. 

— Кайдан окудуңуз эле?

Молодой дизайнер Талгат Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дизайнер Талгат Нурдинов: биринчи орунду алган логотипти алты күн тарткам
— Мен өз алдымча үйрөнгөм. Үйрөнчүк дизайнермин. Алгачкы кесибим — инженер. Түркияда француз-түрк лицейинде окугам. Студент кезде азыркы кызыгуунун башаты түптөлгөн деп айтсам болот, тагыраагы, компьютерге ошол учурда байлана баштагам. 

Анда графикалык дизайн боюнча маалыматтар өтө аз болчу. Amazon аркылуу төрт китеп заказ кылып, ошондон үйрөнгөм. Алгач өзүм үчүн эле чиймелеп жүрдүм. Кийин бул кадимки кесипке өтүп кетти.

— Кыргызстанда дизайнерлердин кызматына суроо-талап кандай? Бизде ишкана жетекчилери өздөрү эле чийип, өздөрү эле тартып алышат эмеспи… 

— Азыр сапаттуу ишке суроо-талап өстү. Көптөр ишти жакшы деңгээлде, чыныгы кесипкөй киши жасаганын каалашат. 

Мен логотип тартып бер деген тараптар менен компромисске барбайм, себеби ар бир ишимди жанымды таштап коюп жасайм. Түшкөн заказдардын 90 пайызында бир гана логотип жасайм, анын 90 пайызы заказ ээсине жагат. 

© Фото / Марсель Шейшенов"Bishkek" логотиби
Логотип Bishkek - Sputnik Кыргызстан
"Bishkek" логотиби

— Эгерде тил табышпай калсаңар, акча жагы кандай болот? 

— Ишти алганда, алгач буйрутманын суммасынын үчтөн бирин алдын ала төлөгүлө деген шартыбыз бар. Эгерде дизайн жакпай калса, акча кайтарылбайт. Ар кандай учурлар болот, маселен, акчаны үнөмдөөгө аракет кылгандар да чыгат. Тагыраагы, алгач логотипке бир топ сын-пикирин айтат да, анан аны колдоно баштайт. Бирок мындайлар аз. 

— Бир логотип жасаш үчүн канча убакыт керек? 

— Кээде идея дароо келет. Андай болгон учурларда бир күндө эле бүтүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кээде бир-эки жумага созулуп кетет. Уят болбогондой жасайын деген ой ар дайым мээде турат.

— Бир топ ири компаниялардын бренддери кичинекей бала тартып коё тургандай жөнөкөй, мисалы Pepsi, Chanel, McDonald's. Булар атайын ушундай жасалган да, ээ?

— Бардык улуу иштердин баары жөнөкөй болот. Кичинекей нерсе менен эле өтө татаал, ал тургай чоң ойду берсе болот. Маселен, мага Nike фирмасынын логотиби абдан жагат. Умтулууну, токтобогон кыймылды, ал тургай кайсы бир жеринде тайбастыкты көрсөтүп турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМарсель Шейшенов: кээде идея дароо келет. Андай болгон учурларда бир күндө эле бүтүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кээде бир-эки жумага созулуп кетет. Уят болбогондой жасайын деген ой ар дайым мээде турат
Кыргызстанский графический дизайнер Марсель Шейшенов - Sputnik Кыргызстан
Марсель Шейшенов: кээде идея дароо келет. Андай болгон учурларда бир күндө эле бүтүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кээде бир-эки жумага созулуп кетет. Уят болбогондой жасайын деген ой ар дайым мээде турат

— Кыргызстанда дизайнга эмне жетишпейт? 

— Бизде азыркы кезге чейин советтик менталитет сакталып калган. Көп кардарлар байлыкты, алтынды көрсөтүп бер дешет. Таажыны самап, империя деген сөзгө ыктап турушат. Мага көбүрөөк, заманбап ыкмага ыктагандар жана көздү чарчатпаган түскө жакындар кайрылышат. 

Дизайнер Жанышбек Ботоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дизайнер Ботоев: "Шаардык көчмөндөр" коллекциясын элге сунуштаганы турабыз
— Сулуулук салону үчүн гүлгүн кызыл, радиого — кызгылт сары, ал эми жашылча саткан жайлар — жашыл болушу керек деген пикир орноп калган. Буга кандай карайсыз? 

— Мындай түшүнүктөр бар, бирок адам көбүрөөк көнгөн нерсесине ишенет эмеспи. Бул тамак-ашка көбүрөөк тиешелүү.

Эгерде кардар башкалардан өзгөчөлөнөм десе, ага таптакыр башка, ойго келбеген логотип жасап бере алабыз. Мисалы, капкара коробка менен сатылып жаткан сүт. 

— Сүт жөнүндө кеп болуп кеткенден кийин, бир окуяны эстесек. Бир ирет сүттүн бөтөлкөсүнүн сонун дизайнын жасаган элеңиз, ал бирөөнүкүнө окшошуп калыптыр. Социалдык тармактагылар сизди плагиаттыкка күнөөлөп чыккан…

— Плагиат жана плагиат эместиктин ортосундагы чек абдан ичке, кылдат келет. Дизайнерлердин жалпы бир ыкмалары болот. Буга чейин кофейня үчүн логотип жасаган элем, анда да тарелкадагы кофенин данына окшош логотиптин темасы камтылган. 

Анан дандын ордуна уйдун сүрөтүн тартсам эмнеге болбосун деген ой кетти. Мунун түбү 1870-жылдардагы америкалык бир легендага барып такалат. Бир фермер НЛО тарабынан уурдалган уй туурасында ойдон чыгарылган окуяны айтып берип, аны гезиттин баары баскан эле. 

© Фото / Марсель ШейшеновСүттүн бөтөлкөсүнүн дизайны
Концепт упаковки молока Molocow - Sputnik Кыргызстан
Сүттүн бөтөлкөсүнүн дизайны

Биз ошол окуянын негиз кылып алганбыз. Плагиат боюнча пикирлерге макул эмесмин. Мен буга окшогон концепт бар экенин билбейм деле. Ал россиялык дизайнерлердин кайсы бир жабык форумдарында жарыяланган чыгар. Ага Кыргызстандан, же менин компьютеримден бирөө-жарым киргендигин текшерип билсе болот. 

— Сиздин идеяны уурдап алган учурлар болду беле? 

— "Фейкстиваль" — фейктердин фестивалы деген бар. Анда дизайнерлер чогулуп алып, өздөрүнүн иштерин рекламалашат. 

2010-жылы биз да ага катышып көрүүнү чечкенбиз. Маршруткада кетип баратып "Adidas" дүкөнүн көрүп калдым. Өзүмчө кайталап баштадым: "A-di-das", "Adi-das", анан эле тилиме "Adi does!" деген сөз келди. Adi does — Ади жасайт деген кеп.

Бул Nike троллинги, ал "Just do it!" ("Жөн эле муну жаса!"). Ал эми Аdi өзү жасай алат. Мен эмгегимди тапшырып, финалга чыккандардын катарына кирип калдым. Биз туурасында Adme жазып чыкты. Бир жылдан кийин досум телефон чалып, "Adidas" дүкөнүнүн жанында турам, бул жерде "Adi does" деге жазуусу бар футболка менен жылуу күрмөлөр илинип турат" деди. 

© Фото / Марсель ШейшеновМарсель Шейшенов: маршруткада кетип баратып "Adidas" дүкөнүн көрүп калдым. Өзүмчө кайталап баштадым: "A-di-das", "Adi-das", анан эле тилиме "Adi does!" деген сөз келди. Adi does — Ади жасайт деген кеп
Надпись Some suggest just to do it, Adi does! придуманный дизайнером Марселем Шейшеновым для Adidas - Sputnik Кыргызстан
Марсель Шейшенов: маршруткада кетип баратып "Adidas" дүкөнүн көрүп калдым. Өзүмчө кайталап баштадым: "A-di-das", "Adi-das", анан эле тилиме "Adi does!" деген сөз келди. Adi does — Ади жасайт деген кеп

Абдан таңгалдым. Себеби учурунда компаниянын беш менеджерине кат менен кайрылып, кызматташууну сунуштап, анын бирөөсүнөн гана "Nice!" ("Жакшы экен!" —ред.) деген жооп алгам. 

Мен аларга кайрадан кат жазсам, мени менен байланышкан юрист бул ишти карап көрүүгө убада берди. Бир айдан кийин эмне болду экен деп кайрадан кайрылсам, бул маселе боюнча Россия менен Украинадагы кесиптештери менен сүйлөшүп жаткандыгын кабарлады. Ал эми тигилер бул өздөрүнүн эле идеясы экенин айтышыптыр. 

— Да-аа, ыза кыла турган окуя экен. Сиздердин кесип менен жакшы акча табууга болобу? 

— Ооба, болот. 

— Башкалардын эмне артыкчылыгы бар? 

— Дизайн сапаты, идеясы менен кызыктырышы мүмкүн. Мен негизи идеяга көбүрөөк басым жасайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0