Жайлоодо бийге түшкөн "келин": бийлебешим керек эле...

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_
Снимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева өзүнүн күлкү жараткан видеосу менен учурда социалдык тармакты багынтып жатат

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова Сайкал менен байланышып, эки ооз кепке тартты.

Ушу тапта социалдык тармактагылардын көбү Сайкал Жумалиевага көз артып турган мезгил. Бир ирмемде эле "интернеттин жылдызына" айланып кеткен блогер кыз болгону 18 градус жылуу болгон Нарында жүрөт.

Публикация от Сайкал Жумалиева (@sandrabrave_) Июл 5 2017 в 12:48 PDT

— Адатта Instagram колдонуучулары кооз сүрөттөрүн жүктөп, элди өзүнө тартат эмеспи. Сиз колго шыпыргы алып бийге түшө калдыңыз эле, "жылдыз" болдуңуз да калдыңыз…

— Блогер болгон сулуу бийкечтер деле пол жууп, үй шыпырат. Болгону бул сүрөттөрүн сейрек жүктөшөт. Мен мындай нерселерди көңүлүмдүн каалоосу менен жасайм. Бир нерсени кантип тартсам деп көп ойлонбойм.

Ошондуктан өзүмдү вайнермин деп айтуудан алысмын. Жакшы контент тарткан балдарды билем. Мен өз блогумда кааласам тамашалап, кааласам бийлеп, кааласам селфи тартып дегендей… Жашоомду кооздоп жибербейм, болгону болгондой. 

© Фото / Чынгыз УсеновInstagram-блогер Сайкал Жумалиева
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева - Sputnik Кыргызстан
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева

Көптөр көп ийгиликтерге жетишкен кишидей болуп көрүнгүсү келет, эми баарыбыз пендебиз да, андыктан эч кимди сындабайм.

Интернетке жарыялаган биринчи ролигим эсимде… Ал огороддон тартылган "репортаж" болчу, болгону микрофондун ордуна тырмоону колдонгом. Анда да аябай жайылып кеткен. Ушул багытта дагы бир нерселерди тартууга сунуш түшкөн. Бул кадимки Instagram контентинин жедеп көңүлгө тийгенинен кабар берсе керек. 

© Фото / Нуртас СиссекеновБий Сайкалдын кичине кезинен баштап арзып аркалап келе жаткан өнөрү
Бий Сайкалдын кичине кезинен баштап арзып аркалап келе жаткан өнөрү - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бий Сайкалдын кичине кезинен баштап арзып аркалап келе жаткан өнөрү
© Фото / Нурзада УланбекСайкал Кыргыз-түрк "Манас" университетинин 3-курсунда окуйт
Сайкал Кыргыз-түрк Манас университетинин 3-курсунда окуйт - Sputnik Кыргызстан
2/5
Сайкал Кыргыз-түрк "Манас" университетинин 3-курсунда окуйт
© Фото / Миша ЕмАзыр өзү гана бийлебестен чеберчилигин кичине балдар менен да бөлүшүп келет
Азыр өзү гана бийлебестен чеберчилигин кичине балдар менен да бөлүшүп келет - Sputnik Кыргызстан
3/5
Азыр өзү гана бийлебестен чеберчилигин кичине балдар менен да бөлүшүп келет
© Фото / Айдай МаришоваБлогер бийкечтин айтымында, ал өз турмушун кооздооп көрсөткөндү жактырбайт
Блогер бийкечтин айтымында, ал өз турмушун кооздооп көрсөткөндү жактырбайт - Sputnik Кыргызстан
4/5
Блогер бийкечтин айтымында, ал өз турмушун кооздооп көрсөткөндү жактырбайт
© Фото / Айгерим АсанкуловаСайкал ортодо бийди таштап да койгон, бирок ансыз жашай албасын сезгенден кийин бул ааламга кайтып келген
Сайкал ортодо бийди таштап да койгон, бирок ансыз жашай албасын сезгенден кийин бул ааламга кайтып келген - Sputnik Кыргызстан
5/5
Сайкал ортодо бийди таштап да койгон, бирок ансыз жашай албасын сезгенден кийин бул ааламга кайтып келген
1/5
Бий Сайкалдын кичине кезинен баштап арзып аркалап келе жаткан өнөрү
2/5
Сайкал Кыргыз-түрк "Манас" университетинин 3-курсунда окуйт
3/5
Азыр өзү гана бийлебестен чеберчилигин кичине балдар менен да бөлүшүп келет
4/5
Блогер бийкечтин айтымында, ал өз турмушун кооздооп көрсөткөндү жактырбайт
5/5
Сайкал ортодо бийди таштап да койгон, бирок ансыз жашай албасын сезгенден кийин бул ааламга кайтып келген

— Instagram тармагынан башка эмне менен алектенесиз?

— "Манас" университетинин кинорежиссура факультетинде окуйм. Бирок бул кино тартууну гана үйрөнөбүз деген кеп эмес. Мисалы, мен сиздей эле интервью алам, жаңылыктарды жазам. Биздин мугалимдерибиз "универсалдуу жоокерлерди" даярдап жатабыз деп күлүп калышат. Бул нерсе жашоодогу жолуңду таап алууга жардам берет. Бир нече нерсени бирдей аткара алсаң, эмнеси жаман?

Андан тышкары бийлейм. Бир кезде муну таштап койгом. Бирок бийсиз жашай албай турганымды сезгенде кайра баштап алдым. Азыр башка бирөөлөргө дагы үйрөтүп жатам. 

© Фото / Айжан ДербишеваСулуу селки бир нерсе тартуу үчүн көпкө ойлонбойм дейт
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева - Sputnik Кыргызстан
Сулуу селки бир нерсе тартуу үчүн көпкө ойлонбойм дейт

— Ушул жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

— Чынын айтсам, мен бийлебешим керек болчу. Анткени ата-энем аскер адамдары, мени ар дайым катуу кармашкан. Курбуларым менен сейилге чыгуу мен үчүн чоң майрам болчу.

Кийин курбуларым бий ийримдерине бара баштады. Мен дагы аларга кошулгум келип, апамдын көндүрдүм. Алгач элдик бийлерди бийлеп жүрдүм. Мен үчүн бул көп ырахат тартуулады.

КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына окууга тапшырганда биринчи орунга окууну коюш керегин сезип, бийди таштап койгом. Бирок бир жыл окугандан кийин окуп жаткан кесип меники эмес экенин түшүндүм. "Манаска" окууга тапшырып, кайра бийди баштап алдым. Мен хип-хоптун кыздарга ылайыктуу тармагына жан дилим менен жактырып, ал тургай бул жатта пикирлештерим менен бирге бий үйрөтүү ийримин ачтык. 

© Фото / Манас НажимидиновInstagram-блогер Сайкал Жумалиева
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева - Sputnik Кыргызстан
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева

— Клиптерге дагы тартылдыңыз беле?

— Аха! Мен жылдызмын да (күлүп)! Бий массовкаларына катышкам. Жийдеш Идрисова жана башка ырчылар менен иштешкем. Ал адамдарды жолуктуруп калганыма абдан сүйүнөм.

— Өз жашооңузду бир нече жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Мен азыр катардагы студентмин, 3-курста окуйм. Жашоом алдыда! Тасма тарткым, бийлегим, саякаттагым келет. Айта турганым ушул эле. Калганын ичимде эле сактап турайын. Анткени көпчүлүккө айта бербеген, аздектеген кыялдарың болот эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0