Акын Гүлсайра Момунованын "Жакшы сөз айткым келет" аттуу ыр кечеси өтөт

Жазылуу
Ыр майрам Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунованын "Жакшы сөз айткым келет" деп аталган ыр кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Кыргыз поэзиясынын күйөрмандары акын Момунованын ырлары менен бир нече ондогон жылдардан бери тааныш. Андын сырткары, бир канча тексттерине обончулар, композиторлор музыка жараткан.

Комузист Асылбек Насирдинов - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Насирдинов: жакында күүлөрүмдү уруксатсыз алгандарга чекит коём
Ыр майрам Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт. Ал күнү автор жана жаш акындар анын ырларын окуса, искусство өкүлдөрү обондуу ырларын аткармакчы.

Композитор Жамиля Муратова "Табар белем", "Жазга айланып баргым келет" деген ырына обон жаратса, Гүлсүн Бостонкулова "Балдарыма тийбегин" ырын аткарып жүрөт.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы "Тилек" деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир нече поэтикалык кыргыз жана орус тилиндеги жыйнактардын автору.

Гүлсайра Момунова учурда Бишкек шаарында жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0