Комузчу Шекербек Шеркуловду эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу. Архив
Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерүү кечени Бишкектин мемориалдык музейлер бирикмеси уюштуруп, ага өнөрпоздор менен студенттер катышат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Атактуу комузчу Шекербек Шеркуловду эскерүү кечеси өтө турганын мэрия билдирди.

Блокнотто жазып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү акын-жазуучулардын кол жазмасынан турган электрондук каталог түзүлдү
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 27-январда саат 10:00дө Токтогул атындагы адабий жана искусство музейинде болот. Эскерүү кечени Бишкектин мемориалдык музейлер бирикмеси уюштуруп, ага өнөрпоздор менен студенттер катышат.

Шекербек Шеркулов 1902-жылы Таласта төрөлүп, 20-кылымдагы көрүнүктүү өнөрпоз, төкмө акын, ырчы, комузчу болгон. Ал 1970-жылы көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0