"Аялынын туруктуулугун текшерген" видео YouTube каналын кантип багынтты?

© Фото / Эмирлан БакаловАвтор сюжета "Муж решил проверить жену на верность" Канат Шарипбеков
Автор сюжета  Муж решил проверить жену на верность Канат Шарипбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Шарипбековдун "аялынын туруктуулугун текшерген жигит" тууралуу видеосун YouTube каналынан 3,5 миллион адам көргөн. Албетте, бул өтө жакшы көрсөткүч. Анткени атактуу ырчы Нюшанын "Не перебивай меня" аттуу клиби 3,2 миллион көрүүчүнү чогулта алган. Ал эми "Жив! Цел! Орел!" аттуу вирустуу видеону болсо 3,1 миллион адам көргөн.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева аталган видеонун автору Канат Шарипбеков менен байланышып, YouTube каналын багынтуунун сырларын сурап көрдү. 

— Канат, видео тартуу идеясы эмнеден улам келди?

Вайнер из Кыргызстана Данияр Токтомамбетов - Sputnik Кыргызстан
Тимати менен Галустяндын мактоосуна татыган кыргызстандык mc_doncha
— Сюжет боюнча аялынын туруктуулугун сынап көрүүнү чечкен улан жубайына ажырашууну сунуштап кат жазып, өзү дивандын алдына бекинип алат. Жумуштан келген аялы катты окуп, дароо белгисиз бирөөгө телефон чалат да "Сүйүнчү, мен күйөөм менен ажыраштым. Мени кучак жайып тосуп ал, алтыным" деп үйүнөн чыгып кетет. Күтүлбөгөн чечимге күбө болгон күйөөсү айран таң болуп, аялынын бул кадамы үчүн катуу кайгырат. Аялынын чыккынчылыгынан улам көзүнө жаш алып, жүрөгү муңга толуп турганда аялы жазып кеткен катты колго алат. Анда: "Тамашакөйүм десе. Сенин бутуң дивандан чыгып калыптыр. Мен нан алганы дүкөнгө кеттим" деген жазуу болот. 

Чынын айтсам, бул идеяны интернеттен окуп калып, видео тартууну чечтим. Анткени биз, көпчүлүк эркектер, аялыбызды барктаганды билбейбиз.

— Эмгегиңизди ушунча көп киши көрөт деп ойлодуңуз беле?
— Чынын айтсам, ичимден жок дегенде бир миллион болсо деп кыялданып жаткам. Үч миллиондон ашып кетиши мени аябай шыктандырып койду! 

© Фото / Эмирлан БакаловАвтор сюжета "Муж решил проверить жену на верность" Канат Шарипбеков
Автор сюжета  Муж решил проверить жену на верность Канат Шарипбеков - Sputnik Кыргызстан
Автор сюжета "Муж решил проверить жену на верность" Канат Шарипбеков

— Буга карабастан видеонун алдында терс маанайдагы комментарийлер жазылыптыр. Кандай сезимдер болду?
— Мен мунун баарын өзүм ойлоп таптым, актерлорду тандадым, өзүм тарттым. Бюджети деле жарытарлык эмес болчу. Мынча негативдин эмне кереги бар эле, түшүнбөйм… 

— Баса, актерлорду кантип тандадыңыз?
— Бала — менин досум, кыз — тааныш бийчи. Аларга идеям дароо жагып, эч ойлонбостон тартылууга макул болушту.

— Видео тартканды кайдан үйрөндүңүз?
— 2008-жылдан бери видеооператор болуп иштейм, үйлөнүү үлпөттөрдү тартам.

— Видеоңуз кандайдыр бир киреше алып келдиби?
— Ооба, YouTube каналындагы рекламадан улам 350 доллар таптым.

— Эми кандай эмгегиңиз менен таң калтырайын деп ойлоп жатасыз?
— Бийик тоолуу аймактагы жашоо тууралуу ролик тартсакпы дейм. Discovery каналыныкы сыяктуу. Буюрса, алгачкы ишибиз бир айдан кийин даяр болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0