Ошто акындардын ыр конкурсу жарыяланды

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармалар 26-сентябрга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош шаарында "Сулайман-Тоо — тынчтыктын жана ынтымактын символу" фестивалынын алкагында акындардын ыр конкурсу жарыяланганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тарых жана маданият жылынын алкагында Ош шаардык мэриясы "Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо жөнүндө" токтом кабыл алган. 

Көзү начар көргөн кыргызстандык ырчы Гүлүм Касымбаева(ортодо), Япония шаарында - Sputnik Кыргызстан
Көзү начар көргөн кыргыз кызы Японияда концерт берди
Конкурстун максаты — кыргыз поэзиясын өнүктүрүү, акындардын Ош жана Сулайман-Тоо жөнүндөгү ырларын жайылтуу. Ошондой эле эл арасында билинбей жүргөн таланттарды алып чыгып таанытуу болуп саналат.

Конкурска 14 жаштан жогорку чыгармачыл жарандар катыша алат. Жазылган ырлар Сулайман-Тоого байланыштуу болуп, кыргыз тилинде жазылышы шарт. Акындар 3 куплеттен 10 куплетке чейин 1-3 ырын алып келсе болот.

Конкурска катышкандар эки жаш категориясы боюнча тандалат. 14-30 жашка чейинкилер жана 30 жаштан жогоркулар болуп бөлүнөт.

Эмгектерди кабыл алуу 26-сентябрь саат 12:00гө чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0