"Кылым карытар бир күн" романы боюнча кызыктуу тогуз факты

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЗалкар акын Чыңгыз Айтматов. Архив
Залкар акын Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы жарык көрөрү менен окурмандардын кызыгуусун жараткан. Ал азыр да окурман журту кайрылып окуган чыгармалардын катарында турат. Романды орус акыны Евгений Евтушенко "дүйнөлүк адабияттын контекстинде узак өмүр сүрө турган залкар чыгарма" деп баалаган.

Бүгүн "маңкурт" баштаган бир топ сөздү кыргыз лексикасына алып кирген жазуучунун бул чыгармасы тууралуу кызыктуу тогуз фактыны сунуштайбыз.

Бизге бул жаатта КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев жардамчы болду. 

1. "Кылым карытар бир күн" романы 1980-жылы жарык көргөн. Чыгарма алгач ирет Москвада чыгуучу "Новый мир" журналына басылган. 1981-жылы Кыргызстан басмасы, Молодая гвардия басмасы өзүнчө китеп кылып чыгарган. 

2. Айтматовдун туңгуч романы. Буга чейин жазуучу он сегиз аңгеме, повесттерди жазып, 19-чыгармасы "Кылым карытар бир күн" ("Бороондуу бекет") романы болду. 

3. Роман төрт айда жазылган. Жазуучу чыгарманы 1979-жылы декабрында баштап, 1980-жылдын март айында аяктаган.Тагыраак айтканда, алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн.

4. "Чыңгызхандын ак булуту" повести – романдын уландысы. Жазуучу окурманды романда тагдыры белгисиз болуп калган каарманга — Абуталипке кайрадан жолуктурат. Автор каармандын тарыхын сенектик жылдардан кийинки мезгилде сүрөттөйт. Аны менен кошо Чыңгызхандын трагедиясы баяндалып, дүйнөнү селт эттирген күч менен пенделик жашоону катар алып жүрүп отурат.

5. Кыргыз лексикасына жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарды киргизди: маңкурт, кабырчык кабактуу, келжирбай, аяптоор, тамандырык, назилине, ире-ширеде, жүлгө, жалмыяр, маңгел, бөгөөлгө, кабырстан, шүй, күй сөздөрү.

Түгөлбай Сыдыкбековдун Көк асаба романы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты
6. Легендалар — Бегимай менен Раймалынын махабаты, Эне-Бейит жана маңкурт болуп кеткен Дөнөнбай тууралуу легендалар камтылган. Бул уламыштар автор тарабынан азыркы учурдун көйгөйлөрү менен түздөн-түз байланыштырылган.

Эне-Бейит — ата-бабанын мурасы, алардын денеси жашырылган жер. "Эне – Ата Мекендин башталышы, эне — бул эне тил, эне — бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир" деп жазат автор. 

Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү махабат сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген. 

7. Чыгарма жараткан чыгарма. Романдын негизинде көркөм тасмалар — "Махабат дастаны" (режиссер Дооронбек Садырбаев), "Найман эненин ыйы" же "Маңкурт", (режиссер Бакыт Карагулов), "Бороондуу бекет" (режиссер Бакыт Карагулов). Коюлган спектаклдер — "Чыңгызхандын ак булуту", ("Маңкурт" уламышы боюнча коюлган) "Тайамам", "Кылым карыткан күн" тартылган. Андан сырткары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кылым карытар бир күн" ораториясы бар. 

8. Чыгарма 50дөн ашык тилдерге которулган. Эдигей, Абуталип, Зарипа, Казангап баштаган каармандардын тагдыры, Раймалы менен Бегимайдын сүйүүсү, Дөнөнбайдын трагедиясы туурасында англис, немец, француз, кытай баштаган элүүгө жакын элдер окуду.

9. Роман орточо эсеп менен 60ка чукул ирет басылган. Түркияда эле 10 ирет чыкса, Европа өлкөлөрүндө 30га чукул, андан сырткары кыргыз, орус тилдеринде бир канча ирет басылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0