КР футболчулары оңой жоо эмес. Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу

© AP Photo / Nariman El-MoftyКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия кубогу үчүн тайпалык беттештерде Кыргызстандын футболчулары Түштүк Кореянын командасынан 1:0 эсебинде утулса да адистердин көңүлүн буруп, финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгып калышы мүмкүн деген үмүт жандырды. Бул тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов божомолун учкай баяндайт.

Азия кубогунун финалдык таймашууларына Кыргызстандын командасы алгачкы ирет катышып жатса дагы мыкты даярдыгы, чеберчилиги менен оозго алына баштады. Азия арстаны аталган Кытай, өзгөчө тажрыйбасы мол Түштүк Корея командалары менен болгон оюнда Кыргызстандын командасы ыраазычылыкка арзыды. Кореялыктар менен болгон акыркы беттештин каарманы 21 жаштагы дарбазачы Кутман Кадырбеков болду. Ал алгач ирет масштабдуу мелдешке катышып жатса дагы апкаарыбай, бир нече жолу намысты сактап, дарбазаны татыктуу коргой алды. Ошентсе да чеберчилиги жогору кореялык футболчулар бир топту киргизүү менен артыкчылык кылып кетишти

© AFP 2023 / GIUSEPPE CACACE Кыргызстандын 21 жаштагы дарбазачысы Кутман Кадырбеков
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын 21 жаштагы дарбазачысы Кутман Кадырбеков

Мындай тажрыйбалуу командага туруштук берип, чабуулга да өтүп, ыңгайлуу учурларды жаза кетирип алганы менен кыргызстандык футболчулар да оңой жоо эмес экенин далилдей алышты. Мындай каршылашты кореялыктар деле күткөн эмес окшойт. Коргонуусунун мыктылыгынан эле бир-эки топ кирбей калды. Анан дагы кыргызстандыктар чабуулга өтүп жаткан учурда эки ирет эреже бузулуп, топ корей футболчусунун колуна тийип кеткенин калыстар байкабай калып, эки пенальти берилбей калганы өкүнүчтүү болду. Кандай болгон күндө дагы улуттук команда кыргыз футболунун келечеги бар экенине коңгуроо кагып, күйөрмандардын үмүт отун жандырып коюшту.

Финалдын 1/8 бөлүгүнө кимдер чыкты, дагы кимдер чыгышы мүмкүн

16-январда "С" тайпасындагы Кыргызстан менен Филиппин курама командалары беттешет. Бул эки команданын бири плей-оффко чыга алат.

Мындан мурдагы Азия кубогунун финалдык беттешүүлөрүндө тайпалык оюндарда эки ирет жеңилген команда үйүнө кайтчу. Ал эми дүйнө чемпионатында болсо мындай жыйынтыктан соң үчүнчү беттешүүнү өзүнүн зоболосун көтөрүү, дараметин сыноо иретинде ойноп жүрүшчү. 2016-жылдан бери жагдай өзгөрүп, Францияда өткөн Европа чемпионатында 16 команданын ордуна 24 команда ат салышып, атаандаштардын саны көбөйүп, тайпалык оюндарда 8 команда жыдып, калган 16 команда плей-оффто ойноого укук алган. 

© AFP 2023 / Khaled DESOUKIАзия кубогу
Кубок Азии АФК 2019  - Sputnik Кыргызстан
Азия кубогу

Быйыл Азия кубогунда да бул саамалык улантылып, 16 команданын ордуна 24 команда 6 тайпага бөлүнүп, күч сынашууда. Начар көрсөткүчкө ээ болгон 8 команда оюндан четтетилет. Калган 16 команда плей-офф беттешүүлөрүнө жолун ачат. Ошентип 6 тайпада биринчи жана экинчи орундарды ээлеген 12 команда 1\8 финалга чыгат. Учурда "А" тайпасынан Бириккен Араб Эмирлиги менен Таиланд, "В" тайпасынан Иордания, "С" тайпасынан Кытай менен Түштүк Корея, "Д" тайпасынан Иран менен Ирак, "Е" тайпасынан Катар менен Сауд Аравия, "F" тайпасынан Япония менен Өзбекстан плей-офф оюндарына жолун ачты. Булардан сырткары, 12 команданын дагы бири, Азия чемпиону Австралия да болушу мүмкүн. Алар бүгүн, 15-январда, Сирияны утуп алышы толук ыктымал.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Дарбазачы Кадырбеков: кореялыктардын көп оюн ишке ашырган жокпуз
Калган төрт команданын катарына кимдер кошулушу мүмкүн. Алардын бири — 3 упай топтоого жетишкен Бахрейн командасы. Эгерде Иорданияны Палестина утса, аларда да мүмкүнчүлүк пайда болот. Кийинки беттешүүлөрдө Вьетнам Йеменди, Ливан Түндүк Кореяны, Оман Түркмөнстанды утса, алардын упайлары, көрсөткүчтөрү саналат. Булардан Бахрейн менен Омандын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ливан Катар менен Сауд Аравиясына 2:0 эсебинде утулган. Вьетнамдыктардын да абалы мыкты эмес. Алардын тагдыры табышмактуу болуп турат.

"Ак шумкарлар" дагы үмүт жандырып…

Оңдой берди болуп Кыргызстан Филиппин командасын жеңип алса, плей-оффко чыгып калышы ажеп эмес. Эгерде филиппиндерге утулса, "ак шумкарлар" үйдү көздөй сапар тартышат.

Ал эми тең чыкса да жыйынтыгы башка командалардын көрсөткүчтөрү менен салыштырылып, анда дагы үмүт өчпөй 1/8 финалга илинип калышы ыктымал. Бул оюнда башкы устат Александр Крестинин кандай тактика колдонуп, кимдерге ишеним көрсөтөрү азырынча белгисиз. Мелдештин жыйынтыгы "ак шумкарлардын" оюндагы аракеттерине жараша болмокчу. 

© AFP 2023 / KARIM SAHIBКыргызстандын курама командасынын машыгуусу
 Кубок Азии по футболу. Сборная Кыргызстана во время тренировок - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасынын машыгуусу

Эскерте кетсек, 5-январда башталган Азия кубогуна Кыргызстан курама командасы биринчи жолу катышуу укугуна ээ болгон. Чучукулак кармоодо "С" тайпасында Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин командаларына туш болуп, эки утулуштан кийин филиппиндер менен беттешүүгө даярдык көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0