01:38 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Боорсок жана нан. Архив

Шыбага, кешик, табак түптүн мааниси эмнеде? Ырымга жасалчу азыктар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
119260

Жашоо мыйзамына, кан-жанга сиңген ырым-жырым, жөрөлгөгө ылайык ар бир кыргыз коомчулук менен эсептешип жашайт. Балалуу же там-таштуу болсо, көчүп-консо, атургай малы тууса да коңшулаш жашагандар менен кубанычын бөлүшүп келген. Колумнист Шаакан Токтогул ырымга жасалган тамак-ашты тизмектеп чыкты.

Тизгин жаяр

Ата-бабалардын тээ түпкүрдөн уланган жашоо эрежеси көз жарып жарык дүйнөгө келгенден акыркы сапарга узаганга чейин коштолгон. Бул — жашоо мыйзамы, кыргыздын жолу. Ал жолго ылайык, ар бир кыргыз коомчулук менен эсептешкенге милдеттүү. Алыска сапар аттанса эл-журту менен коштошуп, бата алган, уулдуу болсо сүйүнчү айттырган. "Эл менен сен адамсың, элден чыксаң жамансың" деп Арстанбек акын айткандай коомчулук менен мамиленин улуу үлгүсүн көрсөтүп жашашкан.

Бул сапар эл менен бөлүшкөн жакшылыктар тууралуу азыноолак кеп салабыз.

Шыралга

Мергенчиликке барып олжолуу кайткан киши олжосун жалгыз жеген эмес. Астынан чыккандар, айыл аксакалдары менен бөлүшкөн. Атып алган кара кийик, кийиктин этинен бөлүнүп башкаларга берилчү үлүш шыралга деп аталган.

Шыбага

Той-топурда учурунда келе албай калган кишиге арналып калтырылган даам. Ар кимдин шыбагасын кеч келсе ошондо берип, келе албай калса жакындарынан бердирип жиберген.

Кешик

Кыз-келиндер төркүнүнө барганда ала келип жакындарына, кошуналарына ооз тийгизчү тамак.

Базарлык

Базардан соодасы болгон киши атайын ала келип туугандарга, кошуналарга ооз тийгизчү азык.

Уйкулук

Алыска сапар аттанган, жол тарткан киши жакындарына бере турган азык же суусун.

Ажыраш аяк

Алыска, биротоло көчүп кетип жаткан киши кошуналарына, катыштарына атайы дасторкон жайып, тасмалын тарткан. Үйүнөн акыркы жолу даам сыздырган.

Кылоо

Уй тууганда ууз бышырылып, кошуналар чакырылып, дасторкон жайылат. Уузду музоонун чекесине, жонуна, куйругуна сүйкөп "Кылоо, кылоо, астыга кетсе ууру алат, артта калсаң бөрү жейт, ортодо бол" деп ырымдашкан. Анан чогулгандарга ууздан ооз тийгизип, дасторконго бата тартылып, башка даамдар желген.

Чачыла

Келин келгенде, үйгө кирип бараткан кезде келиндин үлбүрчөгүнө (жоолук же жамынчы) чачылган боорсок, курут, таттуулар. Келин кесек биз да той берип келиндүү бололу деп, кыздар биз да келин бололу деп, чачыладан ооз тийишкен.

Табак түп

Той-аштарда, сый конок күткөндө тамак тартылган табактын түбүндө калган тамак. Көбүнчө кызмат кылган келиндерге берилген.

Түбүн ичмей

Хандын, төрөнүн, кадыр-барктуу, элге алымдуу киши, көп жашап, көптү билген нарктуу аталар, набаттуу энелер тамак жеген табактын, суусун ичкен идиштин түбүндө калганын ошолордой бололу деп жеп коюу. Көбүнчө табак түптү кичинекей балдарга беришкен.

Казан түп

Той-аштарда боорсок бышырылып аяктап калганда акыркы калган кесилген боорсоктун экөөсүн кошоктой коюп, бышырып, майдан албай туруп, казанды оттон чыгарып алган. Анан сузуп алып, ошол үйдүн кичүүсү, үйдө кала турган баласына беришкен. Бул жөрөлгө үйдүн ырыс, куту келген конокко ооп кетпей, үй ээсинде кармалып калсын деген тилекте жасалган.

Тизгин жыяр

Түпкү маанисин өтө терең билбесек да бул жөрөлгөлөр эл арасында аздыр-көптүр жашап келе жатат. Антсе да заман агымы менен кой сойсо дарбазасын кулпулап алып өзү жеген, той жасаса шыбагасын калтырып койбогон, ую тууса дасторкон жайып, кылоо бермек тургай, ууздан ооз тийгизбеген соргоктор да жок эмес. Табак түптү жемек тургай, бирөө жеген деп төгүп салгандар, кан идиштин түбүн ичпей калган заман. Антсе да жакшы тилек — жарым ырыс дейт эмеспи, жакшыга жанаш дешет. Табак түп, кешиктен ыргылжың болгон болбос. Жакшылыкпы, жамандыкпы, канчалык көп киши ооз тийип, батасын берсе, ошончолук бата байытаарын аңдап алсак ырас болоор…

Тема боюнча

Жылкынын түрү менен сынын ким билет? Айтуяктын асылы тууралуу
Жибин кайчы менен кеспейт! Тушоо кесүүдөгү 6 "болбойт"
Белгилер:
каада-салт, азык-түлүк, ырым, колумнистика, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ