"Акыркы коңгуроо" кайдан чыккан? Ыргытылган калем, комбайн менен келген бүтүрүүчү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Последний звонок" в Бишкекской школе
Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы соңуна чыгып, акыркы коңгуроо кагылып, мектептен кезектеги бүтүрүүчүлөр чоң турмуш жолуна сапар алышат. Бул салт кайдан чыккан, дүйнө жүзүндө кандай белгиленет? Суроолорго журналист Кабыл Макешов жооп издеп көрдү.

Акыркы коңгуроо бардык КМШ мамлекеттериндегидей эле Кыргызстанга да СССРден калган мурас. Алгачкы жолу бул майрам 1948-жылы 25-майда Москванын №182 мектебинде белгиленген. Бүтүрүүчүлөргө арналган акыркы коңгуроо кагуу демилгеси РСФСРдин эмгек сиңирген мугалими, советтик педагог Федор Брюховецкийге таандык.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарга унааңарды бербегиле! Акыркы коңгуроо күнү милиция катуу тартипте иштейт
Бул күнү адатта мектепти аяктап жаткан кыздар-балдар окуучунун формасын кийип, акыркы убакта "Бүтүрүүчү" деген жазуусу бар ленталарды тагынып жүрүшөт. Салтанаттуу линейкалар өтүп, анда мектепти аяктап жаткан балдардын бири ийинине 1-класстын окуучу кызын отургузуп, ал коңгуроо кагып өтөт. Негизги өзөгү ушундай, бирок жашоонун агымы менен майрамга ар кандай жөрөлгөлөр кошумчаланып келет.

Дүйнө жүзүндө мектепти аяктоо кандай шаң менен коштолот?

Акыркы коңгуроо деп аталбаса да дүйнө жүзүндө бүтүрүүчүлөр мектепти аяктап жатканын белгилейт. Бул азем ар мамлекетте ар башка өтөт.

Мектептеги окуучулук күндөргө чекит койгон бул күнү америкалыктар жарашыктуу кийинип, кызыл килемден басып өтүп, эсте калаарлык салтанаттуу түрдө мектеп менен коштошуу үчүн келишет. Американын мектептериндеги салтанаттарда ичимдик ичүүгө тыюу салынган. Англияда да АКШга окшоп бул күндү абдан шаңдуу белгилешет. Алардын да канчадан бери калыптанып калган өз каада-салттары бар. Ал эми Франция, Шотландия сыяктуу өлкөлөрдө мындай майрам жок.

Мектепти бүтүрүү кечеси канча турат - Sputnik Кыргызстан
Кош бол, мектебим! Кыргызстанда бүтүрүү кечеси канча турат
Германияда бул күнү бүтүрүүчүлөр даярданып келип, мектеби, мекени, классы, окуучулук күндөрү жөнүндө жазган ырларын окуп беришет. Мындан тышкары, сөзсүз мектеп үчүн пайдалуу иш аткаруу шарт. Мисалы, гүл, бак тигип, айтор мектебине эсте калаарлык белек тартуулашат. Аягында атайын арналып уюштурулган балга барып, ал жерде да өздөрүнүн шык-жөндөмүн, көрсөтүп, сүрөт тартуу, көркөм окуу, ырдоо боюнча мазмундуу, интеллектуалдуу чыгармачылык мелдештерди өткөрүшөт.

Эң узакка созулган акыркы коңгуроо аземи Польшада өтөт. Поляктар бүтүрүү кечелерине 100 күн калганга чейин эле даярдык көрүп, белгилей башташат. Мындай салтанаттарда ар бир мектепте сөзсүз түрдө Огинскийдин Полонези бийленип, ар түркүн бий таймаштары уюштурулат.

Узактыгы боюнча поляктардан кийинки орунда Норвегия мамлекети турат. Аларда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар 17 күн бою белгиленет. 17-май — Норвегиянын Конституциясынын күнүндө мектеп бүтүрүүчүлөрү тандай турган кесибине жараша кийинип алып, майрамга шаң кошушат.

Окуучулук күндөр менен биротоло коштошууну каалап, окуудан тажагандай түр көрсөткөндөр — бул кытайлыктар. Анткени алар мектепти аяктап жатканда окууну, деги эле мектепти эске сала турган калем сап, дептерден баштап кийген окуучулук кийимине чейин көчөгө ыргытып, бир оор жүктөн кутулгандай сүйүнүшөт экен. Бирок бир жаман жери — эртеси көчөдөгү ыргытылган буюмдарды убара болуп тазалоого туура келет.

Алып баруучу Назира Айтбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ак көйнөк, кызыл жагоо... Белгилүүлөрдүн акыркы коңгуроодогу сүрөттөрү
Адистердин баамында бул күнү өзгөчөлөнгүсү келгендердин парадын Австралиядан байкоого болот. Бүтүрүү кечелеринин катышуучулары мектептин алдына башкалардан айырмаланган автоунаа, транспорт каражаты менен келиши керек. Маселен, эң эски үлгүдөгү автоунаа, өрт өчүрүүчү машина, комбайн, же болбосо трактор, мотоцикл… Айтор, австралиялыктар үчүн элди таң калтыруу шарт экен.

Япония жөнөкөйлүгү, сабырдуулугу, токтоолугу менен айырмаланат эмеспи. Мектепти аяктап, чоң турмушка кадам таштап жатса да өспүрүмдөр ашкере сезимге алдырбай, кадимки жүрүм-турумунан жазбай мектепке салабаттуу келип, агай-эжейлерине, мугалимдер жамаатына сый-урматын сыпайы гана көргөзүүгө аракеттенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0