Жеңишке 10 мүнөт жетпей калган өмүрлөр... Ардагерлер кан майданды эскерет

© Sputnik / Макс Альперт / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери. Архив
Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына саны жылдан жылга суюлуп бараткан ардагерлердин эскерүүсү биз үчүн, келечек муун үчүн бир доордун үнүн жаңырткан тарых болуп бара жатат.

1942-жыл. Согуш жүргөн жерге жакын жайгашкан госпиталдын биринде хирург Зыфар Эгембердиев жарадар болгон жоокерлерге катардагы операциялардын бирин жасап жаткан маалы. Ал кезде бейтап жоокердин аты-жөнү операция жасалып бүткөн соң такталчу экен. Мына ошондой операциялардын биринен кийин медайымга жооп берип жаткан жарадар аскердин тек-жайын угуп, бир нече мүнөт мурун өзүнүн бир тууган инисин аман алып калганын билет. Ошентип эки бир тууган согуштан капыстан жолугуп калышкан деп таенем Улуу Ата Мекендик согуш менен байланыштуу биздин үй-бүлөнүн окуясын айтып берген.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: ардагерлердин эрдиги урпактардын эсинде түбөлүккө жашайт
Мен ал хирург таякемди көрбөй калдым, атын алыстан угуп, сыймыктанып, айтылуу Иса Ахунбаевдин замандашы жана кесиптеши, профессор, согуш маалындагы саламаттык сактоо министри, хирург Зыфар Егембердиев деп эле жүргөм. Таенемдин баянынан кийин кичүү таякем Самыйбек Эгембердиев менен, аны биз "геолог таяке" деп койчубуз, бир сүйлөшүп көрсөм деп ичимен ойлоп койчумун. Арадан бир топ жыл өтүп, баягы геолог таякемдикине барып, Улуу Ата Мекендик согуш туурасында айтып берүүсүн өтүнгөм. Интервью 2007-жылы алынган.

Геолог таякем менен сүйлөшкөндөн кийин бул маек менен чектелүү туура эмес экенин түшүндүм. Ардагерлер союзуна барып, кан майданды кечип келген аталарыбыз менен баарлаштым. Окурман журтчулугуна аңгемени кыскача сунуштап турган учурум. Азыр бул маектештеримдин баарынын көзү жок…

Лейтенант Самыйбек Эгембердиев. 1942-жыл. Сталинград шаары

Лейтенант Самыйбек Эгембердиев

— Бир тараптан бул өтө зор, эң эле кубанычтуу майрам, анткени немистик фашисттерди жеңип, мекенибизди сактап калдык, экинчи жагынан өтө эле кайгылуу, өтө эле түйшүктүү күндөрдү элестетет. Бул согушта миллиондогон мекендештерибиз курман болду, канчалары майып болуп кайтышты, канчасы жетим-жесир болду, мына, уруштун кесепети ушундай. Мен өзүм ушул уруштун катышуучуларынын биримин. 1942-жылдын 3-августунда Сталинград шаарына келдим. Мини аткычтар взводунун командири кылып дайындашты. Дал ушул Сталинградда эң эле катуу, каардуу жана кандуу салгылашуулар болду. Кармаш алты айга жакын созулду. Биздин армиябыз Сталинграддын түндүк-чыгыш тарабынын орун алып, душмандарды шаарга киргизбей, Волгага өткөрбөө милдетин алып, аны абиийрдүүлүк менен аткара алдык.

Колго түшкөн биздин солдаттарды атып өлтүрүп койгондору көп болду. Мыкаачылык жактарын жакшы билебиз. Сталинградда алардын (немис баскынчылары — ред.) концлагери болгон жок. Колго түшпөй койбойт экен урушта. Колгон түшкөндөрүн аяган жок алар, бирөөнү дагы аябай атып салган убактары болду. Аны мен жакшы билем.

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев. 1945-жыл, 8-май

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев

— 8-май күнү согушуп жатканбыз. Түшкө чейин согуш болду да түштөн кийин "Согушта атышты токтоткула" деген буйрук келди. Анан биздин жаныбызда замбиректердин батареясы турган болчу, 5-6 снаряд калыптыр,"жөн эле жата бербесин жүк болуп, ушуну прицелди жогору коюп туруп, душман жакты атып жиберели" деп атып жибергенин мен өз көзүм менен көргөм. Биз алдыга кеттик, чалгынчылар алдыга кеткен болчу. Алар немистерди алып келе башташты. Немистер колго түшүп багынып бере башташты. Капитуляция болду. Жанагы эле согуш болуп жаткан жерге бардык. Баарыбыз — биздикилер, немистин солдаттары, жаш жоокерлер жапжашыл болуп жаңыдан чөп чыгып, дарак гүлдөгөн кезде ошол жерде өлүп жаткан солдаттарды көрдүк. Бул согуштун эң акыркы курмандыктары болчу. Буга чейин деле көп өлүмдү көргөнбүз, бирок ошол согуштун эң аягында, жеңишке жарым саат, 10 мүнөт, 5 мүнөт калганда өлгөн солдаттар биз үчүн абдан аянычтуу көрүндү. Бизге окшоп үйлөрүнө, ата-энесине, сүйгөнүнө, туугандарына кайра кетишмек да алар деле…

Катардагы жоокер Дубаш Бегматов 1941-жыл, июнь айы. Украина

Катардагы жоокер Дубаш Бегматов

— СССРдин коргоо министри маршал Семен Тимошенко болчу, ошол Тимошенконун буйругу менен Батыш Украинага аскер бөлүгүнө кеттим. Так мен барган күндүн эртеси согуш башталды. Июндун 19унда Грозныйдан чыкканбыз, 20сында Киевде болуп, анан 21-июндун түнүндө Кременец деген шаар Батыш Украинадагы жерден башталды. Кременец деген шаар чек арадан 40-60 чакырым жерде болчу, биз чыккандан кийин эле саат 12де Молотов сүйлөдү. "Биздин ишибиз ак, жеңиш биздики болот" деп согуш башталганын жарыялады, анан биз ошол замат фронтко жөнөп кеттик.

Ага сержант Туңгучпай Апасов. (Датасы белгисиз)

Ага сержант Туңгучпай Апасов

— Кыйын мезгил эле. Тиякка өтүп кеткендер болду. Ошондо Сталин "Об измене Родине" деген жарлыгын чыгарып, чыккынчыларды турган жеринен атып салууну буюрду. Мен ошол саясий кызматты аркалап калдым. Биздин дивизияда мусулмандар көп болчу — кыргыз, өзбек, казак, тажик, түркмөн. Көбү орусча билбейт. Кат жазып берчүмүн, сүйлөшчүмүн, көп убара кылышты. Арасында былжырап ыйлап отургандары да болчу. Ошолор менен далай иш жүргүздүм. "Коркпогула, алтындан төрөлдүң беле, баарыбыз эле жүрбөйбүзбү, эмне ыйлайсың" дечүмүн…

Минометтук взводдун командири Олжобай Орозобаев. 904-армян дивизиясы, Миллеровка айылы

Минометтук взводдун командири Олжобай Орозобаев

— Взводубуздун командири армян эле, атын унутуп калдым. Ал ок тийип каза таап, мен анын ордун басып калдым. Бир күнү ротанын командири менин взводумду "алдыга жыла бергиле, анан ошондо чабуулга өтөбүз, сен ар бир минометтон 15тен ок чыгырасың" деди. Биз миномет менен ата баштаганда эле тигилер (немистер — ред.) бизди карай ок чыгара баштады. Жүгөрү талаа, кыргызда "жамгыр бир жааса, терек эки жаайт" деп коет. Баягы бышып турган жүгөрүнүн ичине ок келип тийгенде жүгөрү мөндүрдөй жаады тыбырап. Он чакты ирет аткандан кийин жатып калдык, биздин аскерлер чабуулга өтүштү. Мөндүрдөй жааган октон өлбөгөн эми ок тиймек беле деп, туруп, палатканы кургатып алайын деп окоптун жээгине отураарым менен эле артыман бирөө штык менен сайгандай болду. Артымды карасам эч ким көрүнбөйт, көрсө артыма келип ок тийген экен. Окоптун сыртына жыгылганымды бир билем. Анан ичине кулап түштүм. Связной бар эле Чупров деген, ошол окоптон чыгарып, медайымдар алып кетиптир. Мен 13-сентябрда жарадар болдум.

Эрдигиңерге таазим! Эч нерсе эч качан унутулбайт!

Жаңылыктар түрмөгү
0