12:09 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
109450

Согум деген тээ байыртан келаткан сонун жөрөлгө бар, анын маани-маңызы тууралуу колумнист Шаакан Токтогул ой толгоп көрдү...

Иштээрге да, ичээрге да көп жакшы деп байыркы кыргыз коомчулугунда коллективизмге көбүрөөк ыкташкан. Тең жегенди теңирим сүйүптүр деп, бар ашын ортого коюп, туугандар, уруулаштар өз ара бөлүшүп жеген. Абалкыдан уланган ажайып салттардын бир үзүмү, бир далили катары согумду айтсак болот.

Согум деген эмне?

Бир уруунун же топтун кыш күрөөдө же жаз алды сөөк жукарган кезде атайы бөлүп алуу үчүн биргелешип сойгон малы. Согумга тандалган мал жай-күз мезгилдеринде жакшылап семиртилет, эгер эркек мал болсо акталат. Азыркы кезде жакын туугандар же көп бир туугандардын ортосунда гана согум союлуп калды.

Согумдун эрежеси

Согум союуга мурдатан бир күн белгиленип, тууган-урук бир үйгө чогулат. Аксакалдар элге-жерге тынччылык, ынтымак-ырыскы тилеп, эл ичинен тууган-уругуна бала-бакырасына тилеп, бата кылышат. Касапчылыкка жөндөмдүүсү болсо ошол, болбосо, сырттан алып келинген касапчы мурдатан дайындалат да "сенде жазык жок, менде азык жок" деп айтып мал мууздалат. Малдын канын алгач атайы казылган жерге же бир идишке агызып таштап, анан андан ары ишин улантышат. Чогулгандар ооз тийсин үчүн согумдун этинен куурдак жасалып келмейин итке каны берилбейт.

Кол кесер

Кол кесер – союштун ээси ичи оорунбай бериш керек болгон, касапчынын колу таарынбасын деген эмгек акы. Ал берилсе согумдун сообу тийген, берилбесе согумдун берекеси кеткен. Бир айылдын же уруунун белдүү касапчысынын согум соеору угулса жеңелери, тели-теңтуштары кол кесерден жейбиз деп жол тосуп тамашалашкан. Жакшылыкка союлган бардык жандыктан кол кесер алынган, бир гана азага союлган союштан кол кесер алуу салтта жок көрүнүш болгон.

Согумду бөлүштүрүү

Согум союлгандан кийин ар бир үй-бүлөгө таандык этти бөлүштүрүү маселеси келип чыгат. "Бир кесим эт менен көңүл алат, бир кесим эттен көңүл калат" дегендей ар кишиге жаккыдай, эч ким таарынбагыдай кылып эт бөлүү да чоң өнөр. Мындай кишини бөкөөл деп аташат. Бөкөөлдүк да кишинин ички шык-дараметине ылайык болот. Туугандар арасына бирөө алдыртан бөкөөл шайланат да ал кылдаттык менен баарына тегиз бөлөт.

Тизгин жыяр

Согумдун түпкү маңызы — туугандар ортосундагы ынтымак-ырашкерликтин үлгүсүн улаган биримдик, түгөлдүк. Анан да кышкы-жазгы үзүмчүлүктө жаш эт жегизип кубат ыроологон, сууктан муздап, кунары кеткен көңүлдү кубанткан, алыс-жакын тууганды чогултуп жакшы маанай тартуулаган ырыстуу жөрөлгө. "Агайын ынтымак болсо ат көп, абысын ынтымак болсо аш көп" дегендей бир уруунун уулдарынын ынтымагын, келиндеринин өз ара мамилесин сынаган жосун. Эмнеси болсо элдик жөрөлгөнүн шааниси урпактарга уланганы ийги…

Тема боюнча

Жөлөп-таяп, кеңешип-таңашып... Кыргыздагы катыштын орду тууралуу
Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы
Белгилер:
колумнистика, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ