Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар

© AFP / AAMIR QURESHI Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив
Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева калаадагы базарлардын бириндеги акча алмаштыруучу жайда шылуундарга алданып калган. Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, эми башкалар да сак болсун деген максатта ал жактагы алдамчылардын кылыгы тууралуу колумнистика жазды.

Ошол күндү эстесем өзүмө-өзүм жиним келип кетет. Жайнаган банктар турса эмнеге базардагы акча алмаштырган жерлерге барам десеңиз. Бирок, чынын айтайын, ал жакта ошондой шылуундар отуруп элди алдап жүрөөрүн билбептирмин. Мага окшоп канча киши акчасын алдатып жиберип эч нерсе кыла албай үшкүрүп отуруп калды болду экен?.. Мейли, жаман-жуман нерселер ошону менен чыгып кетсин, бирок бул нерсени жашырып койгум келген жок. Ал жактагылар кантип шылуундук кылып, кантип алдай турганын эл билсин, мага окшоп ооз күйгүзбөш үчүн эскертүү, керектүү маалымат жазгым келди. Анда сөз башынан болсун.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин колундагы акча болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Кымбатчылык болуп кетпейби?
Апам айылдан келип улуттук колориттеги көйнөк алам дегенинен Ош базарындагы "Кыялга" жөнөп калдык. Ал алчу чапанына майда акча жетпей калгандыктан ошол тегеректен эле долларды сомго алмаштырыш керек болуп калды (апам катып жүргөн акчаларын долларга алмаштырып коюптур). Анан сатуучудан "жакын жерде акча алмаштыруучу жайлар барбы?" деп сурасак, "чыксаңар эле катары менен тизилип турат" деп калды. Ойдо эч нерсе жок биринчисине эле кирип бардык. Жакшынакай, ишеничтүү сүйлөгөн эки жаш бала отуруптур. Негизи акча алмаштыруу жайларында темир тосмо, видеокамера болчу эле, бул жакта андай жок экен. Бирок мен ал убакта анысын деле байкабай, кийин иштин баары бүткөндө ойлонуп жатпаймынбы.

Жүз долларды сунсам дароо ары жакта отурган баласы алып аны текшерип көрдү. Анан берки баласы мага "50 сом кошсоңуз биротоло 7000 сом болот" дегенинен ал акчаны да кошуп бердим. Бир убакта жалаң 200 сомдуктарды алып чыгып "мына эже 7000 сом" деп сунду. Санасам, 200 сом кем экен. Тиги балдарга айтсам, акчаны тактайчасынын үстүнө коюп, мага 200 сомдуктарды 7000 кылып санап берди. Өз көзүм менен көрдүм да деп акчаны кайра санабай сумкага салып, чыгып кеттик.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция формасын кийген кишилер Бишкектен туристтерди тоноп кетишти
Биз ала турган чапанга бир аз эле акча жетпей калганынан аны берип, калганын апам сумкасына салып эжемдикине кеткен. Барып акчасын эсептесе эле 3000 миң сом жетпейт. Мага чалып "ай, биз 7000 сомду жакшы эле санап алдык беле, жетпей жатат" деп калды. Мен түшүнбөй "жолдон түшүрүп же уурдатып жиберген жоксузбу?" десем "жок, эч жерге кайрылбай үйгө түз келдим" деп сарсанаа боло баштады. Ошол убакта үйгө иним келип калып апам ага болгон окуяны айтса, "базардан эмнеге алмаштырасыңар, мен да ушундай окуяга туш болуп кайра барып эч нерсе далилдей албай койгом. Алар көрсө, өздөрүнүн ыкмасы менен бир топ акча сындырып калышат экен. Далилдейин десең же видеокамералары жок болот", — деп мага ороң-бураң бир тийди. Эртең менен баягы эргулдарга бардым. Жабык экен. Жанындагы соодагерлерден сурасам "алар кеч келип, бирок эрте эле жаап кетишет" деп коюшту. Ошону менен 3000 сомду каратып туруп алдырып ийип отуруп калдым.

Шылуундардын кылтагына илингендер

Бишкек шаарынын тургуну, ЭлТР телеканалынын жаңылыктар бөлүмүнүн башкы редактору Чолпон Кармышакова да бир жолу дал меникиндей окуяга кабылып, алдаткан акчасын кайра барып ала албай койгонун айтып берди.

"Кесиптеш кызым экөөбүз "Дордой" базарына барып 100 еврону алмаштырганбыз. Акчаны алмаштыргандан кийин 200 сом жетпей калганынан айтсак, бизге 200 сом кошуп туруп кайра санап берди. Жакшылап эле карап туруп берген акчаны алып кетип калдык. Базардын ичине кирип соода кылалы десек эле 1000 сом жетпейт. Түшүрүп албаганымды так билем. Кайра барсак "толук бергенбиз" деп моюндарына албай коюшту. Видеокамерасынан карап көрөлү десек анысы да жок экен. Кийин келип тааныштарга айтсак, "алар ошентип 200 сомдуктарды чогултуп алып элди алдайт" деп калышты. Ичим деле ачышкан жок, бирок аябай жиним келип калды", — деди Кармышакова.

Дагы бир кесиптешим Эламан Насирбеков рублди сомго алмаштырам деп Ош базарындагы шылуундардын капканына түшүп кала жаздаган. Анда ал Россиядан салып жиберген акчаны банктан алып, бирок жөнөкөй акча алмаштыруучу жайларда курс бир аз жогору экен деп ошол жакка барган.

"Мен кирээрдин алдында бир аял "кечээ акча алмаштыргам, 1300 сом бермексиңер, үйгө барсам 1030 сом эле экен" деп балдар менен ызылдашып жатыптыр. Тиги балдар моюндарына албай, аял да кетип калды. Анан мен рублдеримди бердим. Алмаштырганда мага алар 30 миң сом бермек. Жалаң 500 сомдук кылып санап мага сунушту. Эсептесем 500 сом жетпейт, айтсам столунун үстүнө коюп бирден санап колума карматты. Мен ага карабай өзүм да кайра санадым. Кийинкиде 3000 сом жетпейт калды. "Жана 500 сом жетпесе, азыр 3000 сом кем болуп калды" десем "бар, анда банкка барып алмаштырып ал" деп орус акчасын кайра берип койду. Ичимен жасалма акча берип койгон жокпу деп коркуп банкка барсам жакшы эле экен. Мен да кайра санап албаганда 3000 сом алдатып жибермекмин", — деди кесиптешим.

Адистер шылуундардын капканына түшүп калбаш үчүн эмнелерди эске алуу керектигин түшүндүрүп берди:

  • колдон келсе акчаны базарлардагы жайлардан эмес, банктардан алмаштыргыла;
  • сөзсүз ал жайдын видеокамерасы бар-жогун байкап, күмөн санап жатсаңар лицензиясын сурагыла;
  • жалаң 100-200 сомдуктар менен акчаңарды алмаштырса, жакшылап эки жолу санап алгыла. Ири сумма менен алмаштырып беришин талап кылгыла. Анткени алар көбүнчө 200 сомдуктар менен алдашат;
  • акчаны алар канча санап берсе да өзүңүз кайрадан жакшылап санап алууну унутпаңыз;
  • чет элдик купюраны (доллар, рубль, евро) алмаштырардын алдында анын бетиндеги сандарды же тамгалардын алдыңкысын жаттап алыңыз же телефонго сүрөткө тартып алганыңыз дурус. Себеби сизге алар кайра жасалма акча берип коюшу ыктымал.

Сак болуп алдамчылардын капканына түшпөйлү!

Жаңылыктар түрмөгү
0