06:50 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Мугалим. Архивдик сүрөт

Мугалимдердин кейпин эмес, укугун ондосок...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Тынчтык Алтымышев
66380

Журналист-блоггер Тынчтык Алтымышев коомду ызы-чууга салган мугалимдердин абалы тууралуу сөз кылып, мурунку учур менен азыркы мезгилди салыштырды.

Кечээ ЖКнын комитеттеринин биринде депутат Жылдыз Мусабекова мектеп мугалимдеринин маселесине токтолуп, алардын жүрүм-турумдары, билим деңгээли, мекемеде өзүн өзү алып жүрүүсүн сынга алып, "саанчылар менен койчулардан айырмасы жок" таризинде сын-пикирин айтыптыр. 

Бирок эл өкүлүнүн ачуу чындык аралашкан бул пикирин социалдык тармактарда көпчүлүк эл өкүлү окутуучуларды кемсинтип жаткандай көбүртүп-жабыртып, талкуулап жатышат. Эмесе элден четте калбай, мен дагы бүгүнкү күндүн мугалимдери тууралуу өз пикиримди билдире кетүүнү эп көрдүм.

Ооба, бүгүн мамлекеттин ахыбалы кандай болсо, билим берүү тармагынын абалы деле ошондой. "Эшегине жараша тушагы" дегендей, бийлик башына, өкмөт менен Жогорку Кеңешке кимдер, кайдан, кандай келип иштеп жатканын карап отурсак, мектептердеги мугалимдердин сапаты деле дал ошол сыяктуу. Экөө коендой окшош. Парламентибиз олигархиядан турган сыяктуу мектептерибиз деле анча-мынча айылда акчасы барлардын, кадыры барлардын кыздар-балдары, келиндерине толгон. Муну жашырып-жаап качанкыга чейин жүрмөк элек?

Күнөө менде эмес, күнөө сенде эмеспи?.. 

Бүгүн жыл сайын мектепти бүтүрүп жаткан окуучулардын билими мурдагыларга салыштырмалуу начар экенин адистер кан какшап белгилешет. Коомчулук албетте, бул төмөн көрсөткүч үчүн адегенде эле мугалимди күнөөлөп чыгат. "Мугалимдер жакшы окутпай, балдарыбыз эч нерсе билбей калды" дешет эне-аталар. Туура, бүгүн мектептерде мугалимдерди тандап, билимдүүсүн, тажрыйбалуусун, идиректүүсүн алууга тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, кадыры ушунчалык түшүп кеткен бул кесип менен иштөөгө жаштардын көңүлү чаппай, айыл жергесине айла жок эле келин болуп баргандар, эне-атасына каралашкандар эле иштеп калбаса, атайылап мугалим болууга ашыгып барган кадрды мен чыны көрө элекмин. Мындай болгон соң албетте, райондордо мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн кандай кажети бар? Болуптур, бир мектепте 70 мугалим болсо, аттестациядан анын тең жарымы өтпөй калды дейли, алардын ордун ким менен толуктайбыз? Айла жок, бирок, ай лав ю! Колдо бар мугалимдер менен иштөөгө туура келет. Бул бир жагы. 

Экинчи жактан карасак, жеке менин пикиримде бүгүнкү базалык билим берүүнүн начарлап кетишине мугалимдер эмес, эне-аталар менен окуучулардын күнөөсү көбүрөөк. Себеби, бүгүн биздин коомдогу ашкере демократиялашуу жараяны абалды ушундай орто жолго алып келип койду. Биз батыштын шарапаты мененби же кесепети мененби айтор, БАЛАНЫН УКУГУ деп бакыра берип, МУГАЛИМДЕРДИН УКУГУН таптакыр тебелеп салдык. Байкуш мугалимдер азыр балдарды жалкоолугу же тентектиги үчүн какыс-кукус кылмак тургай, катуурак үн чыгарып уруша албай калды. Себеби, бирөөнүн баласын уруштуң дегиче, балээге каласың.  "Энеси болушчаактын баласы ыйлаак" болуп, бирдеме болсо эле окуучу бырбыңдаган бойдон эне-атасына даттанып барып, эне-атасы кирген буурадай мектепке келип, "балама манжаңдын учу тийбеш керек, мыйзам боюнча соттотуп ием" деп отуруп, ахыбал ушуга келип жетти. Мурда кандай эле?

Мугалимдин майдай жаккан таягы

Алыс барбай эле, 15 жыл мурдагы өзүмдүн окуучулук күндөрүмө сереп салсам, баары башкача болчу. Кезинде жалкоолук кылып сабак окубай койгонубуз, сабактан качып кеткенибиз же шоктук кылып мушташып, кыздарды ыйлатканыбыз үчүн мугалимдерден далай жолу токмок жедик эле. Тимеле жыгач указка сынып кеткенче сабашчу, жарыктыктар. А тургай бир жолу агайыбыз атайылап чечинип алып эркек балдарды сабап келатып, капыстан тизе менен бир классташымды эки буттун ортосуна катуу тээп алганы, эки бүктөлгөн окуучу соккудан "грыжа" алып, он күндөп ооруканада дарыланганы да эсиме түштү. Бирок ошондо да класстагы отуз баланын биринин оозунан агайдын тепкиси тууралуу сөз чыкпай, мектепти бүткөнгө чейин ал сыр ичибизде калып, окуя  "балдар тебишип атып ушундай болду" менен аяктаган эле. Чындап келгенде, ошол агай-эжелерибиздин сабагандары бизге майдай эле жакчу. Бизди адам болсо экен деген аракет менен "жакшы оку", "тартиптүү бол" деген токмокторду сонун эле аш кылып "сиңирип" кетчүбүз. Ошол таалим-тарбия менен биз жаман болгон жерибиз жок, айылдагы классташтарым мактангандай, "эң болбой калды дегенебиз 30 буканы алдына салып айдап жүрөт"…

Ал эми азыр мугалимдер ата-энелердин көзүн карап калды дегеним, директорлор мектептин материалдык-социалдык маселелерин чечүүдө акчалуу ата-энелердин капчыгынан көзү өтүп, аларды пайгамбардай урматтап турары жашыруун эмес. Эгер байлар балдарынын жалаң "мыкты" деген баа алып, мектепте "авторитет" болуусу үчүн капчыктан калың каражат бөлүп, мектептин спорттук залын жасалгалап, же короосун тосуп берип, болбосо бөлмөлөрдүн бирөөсүн эле "евроремонт" кылып берди дегиче, анын балдар-кыздары үчүн мектепте баарына уруксат. Мейли, алар сабак учурунда Айфон-7ни тиктеп отурушсун, мейли сабакка кока-кола менен гамбургер көтөрүп келсин, кээ күндөрү айрык жынсы менен аласы тизесине жеткен шым кийип келсе деле аларга боло берет. Анткени, алар ошол мектептин демөөрчүлөрү, алар окуса-окубаса да мугалимдер "5" коюп турууга милдеттүү. Ооба, бул кино эмес, кадимки эле өзүбүз аралашып жаткан турмуш чындыгы!

Демек…

Кыскасы, бүгүн биз мугалимдердин кымбат кийинип, чыкыйып жүрүүсүн талап кылгандан мурда, алардын кадырын жогору көтөрүүбүз кажет. Аларга баарын эле милдеттендире бербей, ошого жараша укуктарын да ордуна кайтарып келип, окуучулар менен ата-энелелерден укуктук жактан бир тепкичке жогоруга көтөрүү гана билим берүүдөгү абалды ордунан жылдырышы мүмкүн. Ооба, алардын билиминин ар убак жогорулап турушуна, заманбап окутуу усулдар менен иштөөсүнө кам көрүшүбүз абзел, бирок, Дүйшөн канчалык мыкты болбосун, Алтынай жана анын жеңелери мугалимге үстөмөндөп турса, кайдагы жыйынтык?!

Тема боюнча

Атамбаев: ата-эне сыяктуу мугалим да ар бир баланы гений кылып чыгара алат
КР мугалимдери кесиби тууралуу: балдарга тек гана мээрим төгүш керек
Белгилер:
колумнист, мугалим, укук

ЭҢ МААНИЛҮҮ