15:23 26 Бугу 2017
Түз эфир
Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева. Архив

Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!

© Фото / из архива Зууракан Имакалыковой
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
6943354

Сүйүшкөн эки адамдын жанаша түшкөн сүрөтү биздин колумнист Абдыкерим Муратовду төмөнкү ойлорго түртүп, төмөнкү саптарды жаздырыптыр…

Береги сүрөттөгү экөөнү караңызчы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!

Азыр эми экөө тең арабызда жок, экөө тең кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, келбес жайга кете беришти. Бул сүрөт качан, кайдан тартылды экен?! Жаштыктын жалындаган курагы. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягы, 60-жылдарынын башы болуш керек. Жаштары болсо отуз бештин ары жагы, бери жагы сыяктанат. Чыке оң колун акырын билгизбегендей Бүбүсаранын артына таштап коюптур. Билинип, билинбей жылуу дем өтүп турсун дегени го?!

Кызык, Чыңгыз Айтматов "Жамийла" повестинде өз сүйүүсүн тапкан соң үй-бүлөсүн таштап кеткен аялдын тагдырын эмнеге жазды экен?! Аны жазып жатканда, 1958-жылы, Бүбүсара менен таанышарын билген эместир… Же бул бир тагдырдын тамашасыбы?

Первая кыргызская балерина, народная артистка СССР Бюбюсара Бейшеналиева с писателем Чынгызом Айтматовым. Архивное фото
© Фото / из архива Зууракан Имакалыковой
Бүбүсара Бейшеналиева менен жазуучу Чыңгыз Айтматов Балтика флотунун аскерлери менен

Баары 1959-жылдын жай айында башталгандай. Ошондо Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Ленинграддан ары Кронштаддын деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп, көңүлдөрүн ачууга барып калгандан башталгандай. Ал мезгилдин шарты боюнча Кыргызстан Кронштад флотун аталыкка алган, эт гана эмес, ырчы-чоорчуларын да жөнөтүп турган. Бүбүсара "Чолпон" балет-фильмине тартылып жаткан экен, адегенде кыргыз делегациясы менен кошулуп барбай кала турган болуп, анан эле бир-эки күнгө колу бошой түшүп, топко кошулуп калат. "Эмеле жылдызы жайнап, ажарына акылы төп келип, жүзүнөн сүйкүмү төгүлө" жүргөн Бүбүсара дал ошол акылынын тунуктугу, дене-боюнун сулуулугу, бөтөнчө чырайы, адамды өзүнө тарткан сулуулугу менен Чыңгыздын жүрөгүн арбап алгандай… 

Кронштад. Балтика деңизинин боюндагы кымбат ирмемдер

Кронштаддагы аскер-согуш кемесинде кара шым, аппак көйнөк, тике таралаган кара чач, эркин сүйлөгөн орус тили Чыңгыздын ажарын ачса, асты аппак, анан чоң-чоң кызыл гүлдөрү бар кыргызча тигилген көйнөк Бүбүсарага куп жарашып турду. Экөө Балтика деңизинин шапатасында бири-бирин аяп, бирине-бири жакын туруп кеменин үстүндө моряктар менен сүрөткө түшүптүр… Анан Нева жээги… Маданият, адабият, турмуш жөнүндө сүйлөшүүлөр… Ойлордун, пикирлердин, дилдердин, жүрөктөрдүн жакындыгы…

Ошондо Чыңгыз үчүн үйдө калган эки бала да, зайыбы да эстен чыгып, Бүбүсарага жипсиз байланып калат. "Москва" мейманканасындагы бир күн, бир түн, анан экөөнүн бири-бирин кыя албай Ленинград менен Москванын ортосундагы каршы-терши сапарлары…

Жазуучунун Бүкөнү анын дээрлик ар бир чыгармасында кошо жүрөт

"Бүкөн, татынам, карачы, кандай сонун болуп турам бул сүрөттө!

Кайта-кайта карап сагынып жатам.

И как бы мне не было тяжело, все равно благодарю судьбу, что она подарила мне любовь к тебе. Самое большое, чем наделила меня жизнь – это настоящая любовь к тебе. И за это я, благодарен ей, жизни.

А ты! А ты не очень…" деп жазып атпайбы Чыңгыз Бүбүсарага жазган каттарынын биринде.

Эки тагдырдын тогошуусу кимдир бирөөлөрдү катуу убайымга салгандай: кайра-кайра чогулушка салып талкуулоолор, жеке чакырып алып тартипке чакыруулар… баары-баары болду…

Бийчини жаман оору тооруп келе жатты. 

Жазуучу болсо сүйгөнүнө кошула албагандардын тагдырын "Кызыл алмасында" жазды, "Гүлсаратында" коммунисттер Чыңгыз менен Бүкөнүнүн тагдырын коммунист Танабай менен Бүбүштүн тагдыры аркылуу туюндурду, "Эрте келген турналарда" Султанмурат менен Мырзагүл баянында айтып өттү, "Кылым карытар бир күнүндө" Чыңгыз менен Бүбүсаранын армандуу махабаты Эдигей менен Зарипанын көз караштары аркылуу жетти…

Ушунун баары арман да… Ушунун баары өксүк да… Ушунун баары коммунисттик коомдун жеке адамды капаска салып, кармап турган кесепети да…

Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жазуучу болуп калганда балдарын таштап, зайыбы Керээзин таштап, биротоло Бүбүсарага кетип каларда Нагима апа астанага жата калып, "ушул үйдөн кетсең, мени аттап кет" деген экен, ошондо ал энесин аттап кете албай калыптыр деген сөздөр ошол күндөн ушул күн айтылып келет. Канчалык чындыгын ким билсин? Бирок аялы Керээз эже өмүр соңундагы маектешүүлөрүнүн биринде Бүбүсара акылдуулук кылып, Чыңгыздын келечегин көрүп, партиялык төбөлдөр тебелеп, булгап таштабасын, моралдык жактан туруксуз деп китептерин чыгарбай, окутпай койбосун деп, баш кошууга жол бербеди деп айтты… Балким, чындыр… Балким, Бүбүсара жакындап келе жаткан ажалын билгендир…

1973-жылы 11-майда кыргыз балетинин жылдызы көз жуумп, жерге берилгенде ушунчалык атактуу, ушунчалык трагедиялуу чыгармаларды жазган, алп денелүү жазуучу эмнеге ыйлап, эмнеге көз жашын тыя албады?.. Неге ошондо улуу-кичүүнүн көзүнчө "кошо кете тургандай" абалда өзүнө өзү ээ боло албай калды?!..

Ошондон отуз үч жылдан кийинки "Тоолор кулаганда" деген романында мындай сүйлөмдөр бар: "…экөөнөн башка жан билбеген Хайдельбергдеги сүйүү тарыхын жүрөгүнүн соңку кагышына дейре эсинен кетпей турушун каалады… ай нуру сүттөй төгүлгөн махабат түндөрүндө, ак гүлү жытын аңкыткан ландшафтта, немистердин тээ орто кылымдагы тарыхый шаарынын жогору жагындагы сейил бакта кынала басып жүрүшкөндө "Кыз кайып" идеясы жаралган. Ошол үчүн ошо Хайдельбергдеги керемет күндөр эсинен кетпей, тигине акыркы көз ирмемге чейин ботодой боздотуп, жалгызынан айрылгандай өксүтүп, сыздаган үнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө угулуп турсун. Ошондо Арсен Саманчин ал дүйнөдөн куду тигинин көргөн күнүн көрүп, анан бүт ааламга: "Эми бизге Хайдельбергдеги түндөр эч качан келбейт! " – деп кыйкырып турмак.

Ушинткиси келди, анткени ал бул дүйнөдө бүтүрө албаган Хайдельберг романын тигил дүйнөдө да жаза бермек… "

Жогорудагы сүйүшкөн эки адамдын жанаша түшкөн сүрөтү ушундай ойлорго түртүп, ушундай чыгармаларды эстетти…

Хайдельберг романы, а балким, азыр жазылып жаткандыр…

Тема боюнча

Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев жөнүндө 10 факты. Айтматов билетке жетпей калганда
Белгилер:
балерина, жазуучу, сүйүү, Сүрөт, Бүбүсара Бейшеналиева, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ