Иштерман, үзүлгөн үмүт жана уютку. Аксы окуясы 9 жашар баланын көзү менен

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Аксы коогалаңына 14 жыл толду. Биздин колумнист Исмаил Мамытов кандуу жекшемби болгон жылы Аксынын атыр жыттуу абасын жыттап, оюнга тойбогон тогуз жаштагы бала эле. Айылдаштарынын окуянын каарманы болуп жатканын өз көзү менен көрүп, ошондогу сезимдери менен бөлүшөт.

Ал кездеги атасыз калган бешиктеги балдар бойго жетип, кызыл эт балапандар темир канат кушка айланды. Алар аталарын ким атканын, окко ким айдап барганын изилдеп чыга алабы? Дегинкиси Аксы окуясы боюнча чыркыраган чындык качан калкып чыгары табышмак. Көптөгөн соттук отурумдар, тергөөлөр болгону менен бир да адам жаза албай калышы аксылыктардын көксөөсүн кандырбай келет.

2005-жылдын март айынын башы…

Аксынын Кербен шаарында аптанын жума күндөрү райондун деңгээлинде чоң базар болот. Ал күнү базардан кайтып келе жатканбыз. Унаанын ичиндегилер саясатты кызуу сүйлөшүп, жаңы эле өткөн депутаттык шайлоо мыйзамсыз болгонун айтып жатышты. Унаанын ичиндегилер гана эмес, базарга баргандын баары саясатты дуу-дуу кеп кылып калышкан. Мени менен сапарлаш болгон мугалимим бир оокумда: 

— Акаевди кетиришибиз керек. Ал үчүн бүткүл Кыргызстан көтөрүлүүсү зарыл, — деди.

Ал сөздөр менин кызыгуумду жаратып, саясатка болгон "сүйүүм" күчөп баратты. Тарых сабагынан көп жолу өткөн, мен үчүн жомоктой сезилчү төңкөрүш чын эле Кыргызстанда да болсо ээ деп кыялга баттым… 

2005-жыл 24-март…

Достор менен ойноп, жаңы эле үйгө киргем. Атамдын маанайы түшүп, үн катпай отурат. Апамдан Аскар Акаев ак үйдү таштап качканын угуп жаш улактай секире сүйүнүп жөнөдүм. Балалык кыялымда мен күткөн төңкөрүш болуп, мурда тарыхта окуп жүргөн Франция, Англия, Россиядагыдай тарыхый окуя көз алдымда болуп жатканына кубандым. Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар көгүлтүр экранга чыгып, элге кайрылуу жасашты. Ошондо атам нааразы боло: 

— Бакиевди "улуу урматтуу" деп сөз берип жатышат, ал бийликти алган экен, — деди.

Аксылыктар демократ Топчубек Тургуналиев Бакиевге калпак кийгизип, чепкен жапканда кубаттап сүйүнүштү. Бир гана атам анткен жок… Аскар Акаев келгенде да калпак кийгизип, чепкен жапканын айтып, Топчукенин эки жүздүүлүгүнө нааразы болду. Ошентип 24-мартта Кыргызстандын эгемендүү жылдарындагы алгачкы төңкөрүш болду. Ал окуянын келип чыгуу маңызы үч жыл мурунку болгон Аксы окуясына барып такалат…

Үч жыл мурун…

2002-жылдын январь айы…

Мен тогуз жашар чыт курсак бала элем. Араң гана жалбырагы бүчүр алган көчөттөй болуп, дүйнөнү таанып келе жаткам. Ойлосом ал кезде менин дүйнө таанымым саясат менен ойгонгондой…

Аксы окуясынын 14 жылдыгына карата президенттин атынан Бишкектеги монументке гүл коюлду
Кошуналар, мектептеги классташтарым Иштерман деген адам жөнүндө кеп кылып, ал тууралуу имиштерди уга баштадык. "Американын кыйындары Иштерманды президент болчу жигит экен деп айтыптыр" деген жөө жомоктор жүрүп, Иштерманды эл Кудайдай көрүп калды.

Кычыраган кышта, 5-январь күнү "Иштерманды камаптыр" деген кабар таңкы желдей тарады. Эл баатырын, көзгө басар уулун бийлик жутуп алгандай кабыл алып, ошондон тарта бүтпөс митингдер башталды. Кийин билсем, Иштерман деген жигит Азимбек Бекназаров экен. Ал кездеги Бекназаровдун жасаган пиарына баа берсе болот, эл чынында аны Кудайындай көрүп, бир тууганындай жактап, чаң жуктурбай мактап калган… 

2002-жылдын февраль айы…

Мектеп жол боюнда болгондуктан өйдө өткөн жоон топ адамды көрдүк. Агайыбыз алар пикетке бара жатышат деп эптеп түшүндүрүмүш этти. Кийинки күндөрү ал окуя байма-бай кайталанчу болду… 

2002-жылдын февраль айынын ортосу… Окуяга саналуу күндөр калганда…

Топ-топ болуп атчан, жөө өткөн адамдар Бекназаровду бошотуп алабыз деп Кербенге аттанышты. Заматта эле райондук милиция бөлүмүн өрттөп, акимчиликтин терезелерин талкалап жиберишиптир. Ал кезде карапайым калк бензин куюлган бөтөлкөгө кургак материалды ороп, катуу ыргытса жарылып от чыгарын кайдан билмек эле… Бишкектен барган оппозиционерлер үйрөтүшкөн дешти.

2002-жыл. Март айынын башы…

Бекназаровдун соту создугуп, адилеттүүлүктөн элдин үмүтү өчүп бара жатты. Абал күн сайын курчуп, карапайым калк пикетке чыгууну заматта өздөштүрүп алды. Ал абалды "саясатчымын", "укук коргоочумун" дегендер колдон чыгарбай, аксылыктарды бийликке каршы кайрай берди. Бекназаровдун иши боюнча соттук отурум 18-мартка коюлган. Бирок ал өтпөй калды…

2002-жыл. 17-март. Кандуу жекшемби…

Күн мурунтан митинг болору айтылган. Кара-Суу, Кызыл-Туу, Жаңы-Жол айылынан келе жаткан калың эл жүк ташуучу ГАЗ-53 унааларына отун жүктөп, аты бары ат менен, калганы жөө жүрүш жасап Кербенге сапар алышты. Ойлосом, карапайым калкта бийлик элге ок атат деген түшүнүк үч уктаса түшүнө кирбесе керек.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы окуясы элдин аң-сезиминде революция жасаган чечүүчү учур болду
"Элге ок атылыптыр" деген кабардын учу угулар замат, апам агам экөөбүздү урушуп, чоң жолго чыкпагыла деди. Ага карбай кошуна досумдун үйүнө бардык. Анын улуу агалары окуяга катышып келген экен, кошуналарды чогултуп алып бакылдап баяндап жатат. Айтымында, ал милициянын колуна түшүп, мурду талкаланыптыр, дагы бирөөнүн кулагы сыныптыр. Өлгөндөр да болду деген жаңылык айылдыктарды айран таң кылды… эл эмне болгонун түшүнө албай, эсин жоготкон адамдай элтеңдеп калды… "беш киши өлүптүр", "жок жетөө экен, көптөр ооруканага жатыптыр"… деген кептер тарап жатты. Баарынан да митингге кызыгып барып, кокустан окко учкан Боспиектик уландын өлүмү энелерди боздотту. 

Көп өтпөй каргашалуу кандуу жекшембиде алты адам каза болгону расмий айтылды. Бул окуя элди "селт" эттирди. Аксыны кайгы-муң, ыйлаган үндөр каптап эле калды. Чыныгы саясат, пикеттер ошондо башталды. Ар кыл ушактар тарап, "элге ок атуу боюнча буйрукту ким берген" деген суроо баарын кызыктырды. Ал күндөн көп өтпөй окуя түшүрүлгөн видеокассета элдин колуна өтүп кетти. Эсимде, айылдаштарым түнкүсүн чогулуп алып ал кассетаны көрүп жүрүштү.

Болор иш болуп, боёгу канды. Аксы окуясынын арты менен 24-март бийлик алмашуу болуп, Бакиев бийликке келди, Бекназаров бакыйган Баш прокурор болду. Аксылыктарды ким аттырганын эми чекесинен чертип, чыркыраган чындыкты алып чыгат деп күтүп калдык.

Таң эрте телефон шыңгырап, аны алган чоң атам нааразы боло, "ка-аап, уят болдук" деди… Эмне болду десем, Аксынын туусу ураптыр деп жооп берди. Көрсө, Бекназаров Баш прокурор кезинде Аксы окуясына тиешеси барларды изилдебей эле, уюшкан кылмыштуу топтун ана башчысын бошотуп жибериптир деген кеп тарады. Элдин үмүтүнө суу сепкендей эле болду. Бекназаровду Кудайындай көргөн эл жаш балача алданганын ошондо билди.

Ар убак Бекназаровду мактап, жактап жүргөн кошунабыздын үйүн жазгы сел алып кетти. Кошунам чогулган элге Бекназаров өзү келе жатканын, заматта баарын ордуна келтире саларын айтып, ал деген Иштерман деп мактанып жатты. Бекназаров келип, беш мүнөт да турган жок. Бир нерсе айтымыш эткен бойдон кетип калды. Кошунама мен билгенден бир тыйын да жардам болгон жок. Ошондон кийин анын Бекназаровго болгон сүйүүсү соолуду көрүнөт, кийин эле адашкан экенмин деп чыкты… Ойлосом, ошондо адашканын бир гана ал кошунам эмес, баары түшүнүп, каза болгондордун жакындары бийликти эмес, уюштуруучуларды каргаганга өтүштү.

Арак жана уктап жаткан селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арагын койбогон атага болгон каар же өзөгү өрттөнгөн боз уландын өлүмү
…1870-жылдары Кокон хандыгынын курамына кирген түштүк кыргыздары, анын ичиндеги Нүзүп бийдин урпактары болгон аксылыктар чогулуп, падышалык Россияга багынып берүү же кармашуу маселесин карашат. Бекназар баатыр баштаган күчкө толуп турган аксылык жигиттер кармашка аттанууга даяр болуп калганда, Аксынын аксакалдары жолдон токтотуп, тикелей ажалга бара жатканын айтып алып калат. Ошондо аксакалдардын акылы менен бүтүндөй Аксы эли аман калганын айтып жүрүшөт. Өкүнгөнүм, кандуу жекшемби катталбай, каза болгон алты адам катарыбызда жүрсө болбойт беле… Ошол кезде Аксынын аксакалдары элди токтотуп калса болот беле?

Анткен менен Аксы окуясына тарых таасын баа берери бышык. Ал күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы жаңы бурулуш. Эл бир муштумдай түйүлө, бийликке каршы чыга алаарын тастыктоочу күн. Анын арты менен 24-март, 7-апрель окуялары болуп, бир эмес эки ирет бийлик алмашты. Тарыхта Аксы окуясы элдик толкундоолордун, эркиндик, чындык үчүн күрөшүүнүн уюткусу болуп кала берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0