Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кокустан эле кыз болуп калгам...

Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз куунак өтсүн!

Ошентип 30 жаштын кырына да келип калдым. Ата-энем мага "сен эркек эле болмоксуң, кокустан эле кыз болуп калгансың" деп тамашалай беришет. Себеби үйдө бир эркек, эки кыз болгондуктан, атам "балама жолдош болуп уул төрөлсүн" деп эле тилей бериптир. Ал кезде түйүлдүктүн жынысын аныктап койгон УЗИ, доплер деген аппараттар жок да. Майдын 15и болуп апам көз жарат, атама "кыз төрөлдү" деп сүйүнчүлөшөт. Дендароо болуп, ичи ачышкан атам көпкө чейин мени кабыл албай жүрүптүр. Бирок кийин анын эң эрке кызына айлангам. Баса, кичине кезимде эркек эле баладай болчумун. Студент болуп, үй-бүлө күтүп, өзүм эне болгондон кийин гана өзгөрдүм. Мүнөзүм кудум кечээки аба ырайындай. Маанайым ачык болуп жүрүп, күтүлбөгөн жерден көз жашым көл болуп да кетиши мүмкүн.

Эми кечээки күндүн маанилүү жаңылыктарына саресеп салалы.

Ырчылар Асель Кадырбекова менен Нурлан Насиптин тою акыры бүттү окшойт. Мен эле эмес, соцтармакта отургандардын баары "өх" деди болуш керек. Алардын тоюндагы кызыктарды көрбөй калсаңыз кабарчыбыз Эламан Кармышаков даярдаган материалды окуңуздар

Балбан Канат Бегалиев болсо Дамирбек Асылбек уулунун ордуна Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп шайланды. Кызмат орду кут болсун!

Тердеген, ызаланган, чарчаган мушкерлердин WEF Global 12 эл аралык мелдешиндеги кызыктуу кадрларын сунуштайбыз. Турнирге барбасаңыз да баргандай болуп калыңыз. Мушкер Барчынай Узгенбаеванын атаандашынын колун кайрып утуп алган видеосун да көрсөңүз болот

Саясат тууралуу кантип жазбай коелу. Кечээки жаңылыктардын ичинде журналист Эркин Алымбековдун Темир Сариев менен болгон ачык маеги жана азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы тууралуу макала да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо Сочиде. Шаарды аралай баскан ЕАЭБге мүчө өлкө президенттеринин сонун сүрөтүн да көрүп койгула

Мечиттерде молдолор нике кыюуга канча акы сурашат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери Бишкектеги бир нече мечитти кыдырып, молдолор кандай баага нике кыя турганын билип көрдү

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0