00:55 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Бир аз чыда тууганым, мындан да оор күндөр болгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
248 0 0

Кутман таң! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Кечээги күндүн темасы чек ара маселеси болду. Кыргыз-казак көзөмөл өткөрүү жайыларынан өтүү оорлошуп элди бир топ түйшүккө салды. Ал жакта кырдаал кандай болуп жатканын кесиптештерибиз жеринен чагылдырып турду

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп чубалжыган фуралардын асмандан көрүнүшү

Чек арадан өтө албай кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын 10 чакырымга чейин жеткенин айтышты. Бул көрүнүштү кесиптештерибиз асмандан тартып келишти.

Чек ара кызматы кыргыз-казак чегиндеги үч өткөрмө бекетинен өтүү оорлошконун тастыктады.

Ошондой эле жөө-жалаңдап өтөм деп кезекке тургандардын саны өсүп, алар бир нече сааттап күтүүгө мажбур болушту.

Кечке жуук казак тарап чек арада пландалган операция жүрүп жатканын расмий түрдө билдирди.

Ал эми кечээ өкмөт башчы Сапар Исаков Сочи шаарында боло турган КМШ мамлекеттеринин  жетекчилеринин жана Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйынына барды. Ал жактан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга жетише алды.

Ошол эле учурда Казакстандын аймагында эмгектенген кыргыз жарандары да катуу текшерүүгө алынып жатканын айтышты. Мекендештер менен байланышып абал-жагдайды сурадык

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Өзгөн: аламан улак тартышта баш байгеге коюлган унаанын акчасы тең бөлүндү

Эми саясаттан тышкаркы маалыматтарга көз чаптыралы. Өзгөндө жүздөгөн киши катышкан аламан улак тартыш болуп өттү. Ат жалында ойногон эркектерге эмне кылганга болбойт? Ушул нерселерди биле жүргөнүңүз ашыктык кылбайт.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ырыс алды ынтымак!

Элибизге бейкутчулук тилеп, Эламан Кармышаков

Белгилер:
Бурадар, аба, кыргыз-казак чек арасы, Мигрант
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ